Акысыз текшерилгиле! Мобилдик клиника Түптө иштей баштады

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРТүп районунун Түп айылында мультидиагностикалык мобилдик клиника ачылды
Түп районунун Түп айылында мультидиагностикалык мобилдик клиника ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Аталган мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Түп районунун Түп айылында мультидиагностикалык мобилдик клиника ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР

Түп районунун Түп айылында мультидиагностикалык мобилдик клиника ачылды

Түп районунун Түп айылында мультидиагностикалык мобилдик клиника ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Түп районунун Түп айылында мультидиагностикалык мобилдик клиника ачылды

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР

Билдирмеге караганда, бул мобилдик клиника күнүнө 170ке жакын бейтапты тейлей алат

Билдирмеге караганда, бул мобилдик клиника күнүнө 170ке жакын бейтапты тейлей алат - Sputnik Кыргызстан
2/3

Билдирмеге караганда, бул мобилдик клиника күнүнө 170ке жакын бейтапты тейлей алат

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР

Түптөн кийин мобилдик клиника Жети-Өгүз, Тоң райондоруна барып калкка беш ай акысыз жардам көрсөтөрү айтылды.

Түптөн кийин мобилдик клиника Жети-Өгүз, Тоң райондоруна барып калкка беш ай акысыз жардам көрсөтөрү айтылды. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Түптөн кийин мобилдик клиника Жети-Өгүз, Тоң райондоруна барып калкка беш ай акысыз жардам көрсөтөрү айтылды.

1/3

Түп районунун Түп айылында мультидиагностикалык мобилдик клиника ачылды

2/3

Билдирмеге караганда, бул мобилдик клиника күнүнө 170ке жакын бейтапты тейлей алат

3/3

Түптөн кийин мобилдик клиника Жети-Өгүз, Тоң райондоруна барып калкка беш ай акысыз жардам көрсөтөрү айтылды.

Билдирмеге караганда, бул мобилдик клиника күнүнө 170ке жакын бейтапты тейлей алат.
"Мультидиагностикалык мобилдик клиникада медициналык кароодон өтүш үчүн аталган райондун тургундары алдын ала жазылышы керек. Биринчи кезекте майыптыгы барлар тейленип, дартынан улам ал жакка барууга шарты жоктор үчүн атайын тез жардам унаалары менен кызмат көрсөтүлөт. Мобилдик клиника Түптө эки ай жүрөт. Дары-дармек акысыз берилет", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин мобилдик клиника Чүй облусунун Кемин районунда иштеп, ал жактагы 20 миңден ашуун тургун дарыгерлердин кеңешин алган. Мындан сырткары, 10 миңден ашуун адам медициналык кароодон өтүп, жеңил операциялар жасалган.
Түптөн кийин мобилдик клиника Жети-Өгүз, Тоң райондоруна барып калкка беш ай акысыз жардам көрсөтөрү айтылды.
Белгилей кетсек, аталган мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт. Аны менен катар биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар.
Ал медиктердин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар бар.
Мобилдик клиника беш жыл аралыгында өлкөнүн бардык аймактарын кыдырат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Бишкектеги №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын ремонт иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Министрлик Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имараттын сыртын оңдоп баштады. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0