Чачы жер чийген кыз, таш бака издеген кемпир... Дүйнөлүк сынактагы сүрөттөр
Чачы жер чийген кыз, таш бака издеген кемпир... Дүйнөлүк сынактагы сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Сүрөтчүлөрдүн дүйнөлүк World Press Photo сынагында бул жылы географиялык теңдикти сактоо үчүн аймактар боюнча жеңүүчүлөр аталды. 27.03.2022, Sputnik Кыргызстан
Түштүк Америка, "Жалгыз сүрөт" категориясы. Колумбияда темир жол курулушу пландалып жаткан жайдагы үйүн таштап кеткиси келбегендерди полиция кызмактерлери кармап алган учур.
Түштүк Америка, "Тарых" категориясы. Аргентиналык окуучу кыз Антонелла пандемия учурунда мектеби жабылып калгандан кийин чачын өстүрө баштаган. Өзүнө мектеп ачылганда гана аны кыркам деп убада берген. Окуучу чачын 2021-жылдын сентябрь айында окуу башталар ардында кыскарткан.
Азия, "Бүтпөс согуш" категориясы. Согушкерлер аткылап салган автобуста көз жумган полиция кызматкеринин тажиясына бара жаткан аялдар. 2021-жылдын декабрь айы.
Азия, "Тарых" категориясы. Кабулдагы "Ариана" кинотеатрынын кызматкерлери талибдердин тыюу салуусуна карабай дагы деле ишке келип жатышат. Алар качандыр бир кезде айлык алабыз деп үмүт артууда.
Африка, "Жалгыз сүрөт" категориясы. Суданда 2021-жылдын октябрында төңкөрүш болуп, бийлик генерал Абдель Фаттах аль-Бурханга тийген. Ошондон бери өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой келет.
Түштүк Америка, "Жок болуунун портрети" категориясы. Колумбиянын Богота шаарындагы Сот адилеттүүлүгү сарайынын алдына нааразычылык акциясына чыккандар. 1985-жылы бул жайга массалык кол салуу болуп, 11 судья, юристтер өлтүрүлүп, дагы бир тобу дайынсыз жоголгон.
Азия, "Ачык формат" категориясы. Япониялык сүрөтчү Косукэ Окахаранын адамдын түшү тууралуу тартылган Blue Affair документалдык тасмасынан тартып алган кадры.
Европа, "Эске салуу" категориясы. Россиялык сүрөтчү Мария Гельмандын "М+Т" долбоору. Анда Даун илдети менен жабыркаган Мини жана Тани аттуу жубайлардын жашоосу чагылдырылган.
Түштүк-Чыгыш Азия жана Океания, "Тандоо" категориясы. Мьянмада 2021-жылдын март айында болгон нааразычылык акциялары учурунда полицияга каршы турган митингчилер.
Түштүк Америка, "Сүрөт" категориясы. Колумбиядагы индейлердин балдарына арналган интернатта каза болгон кыздарды эскерүүчү көйнөктөр. Интернат XIX кылымда иштеген.