Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасынын айланасындагы чыр боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Министр Исманкуловдун мамлекеттик кредитти жеке кызыкчылыгына колдонгону, ал үчүн эл аралык чыр болгону, бул насыяны салык төлөөчүлөр өздөрү төлөп калары тууралуу айткан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирүү жасап, белгилүү көз дарыгери Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасынын айланасындагы чырдын себебин түшүндүрдү.
Эске салсак, кечээ Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен Исманкуловдун "Көз микрохирургиясы" менчик клиникасына мөөр басып, жаап кетишкен.
Министр ЖМКлар анын айткандарына гана көңүл буруп, Исманкуловдун ишмердүүлүгүндөгү негизги маселелер көз жаздымда калып жатканына токтолгон. Ал Исманкуловдун мамлекеттик кредитти жеке кызыкчылыгына колдонгону, ал насыя үчүн эл аралык чыр болгону, бул акчаны салык төлөөчүлөр эле өздөрү төлөп калары тууралуу айткан.

"Менчик клиника ушунча узак убакыттан бери мамлекеттин имаратында турганына эмне себептен эч ким нааразы болбойт? Пандемия убагында бейтаптарга орун жетпей жатканда да Алмаз Исманкулов бул имаратка бейтаптарды жаткырууну сунуштаган эмес. Эми азыр кечирим сурап, имаратты бошотуп койгондун ордуна, иши кылып мамлекеттик ооруканада калыш үчүн ар кандай жолду издеп жатат", — деген министр.

Бейшеналиев реформаны уланта берерин айтып, ар кандай сын кептерге карабай саламаттыкты сактоо тармагын калыбына келтире турганын белгилеген.
"Президент реформа жасап, саламаттыкты сактоо жаатын калыбына келтирсин деп мага ишенди. Чынында жакшы жыйынтыктар бар. Кыргыз-түрк достугу ооруканасы иштеп жатат. Президент 2011-жылдан бери оңдолуп бүтпөй жаткан травматологиялык корпуска барып кетти. Бишкектеги №2 төрөт үйүнө имаратын кайтарып бердим. Азыр баары кенен болуп калды. "Алтын балалык" комплексин кайрадан калыбына келтирип жатабыз. Медиктерди сапаттуу окутуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми Алмаз Исманкуловдун менчик имараттан клиника ачып алып ишин улантууга ким тоскоол болуп жатат? Башка медициналык борборлор деле ошентип иштешүүдө. Жүргүзүлүп жаткан реформага медицинанын бардык корифейлери кирет, анын ичинде Миталип Мамытов, Мамбет Мамакеев жана башкалар", — деп жазылат Бейшеналиевдин билдирүүсүндө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Мен үчүн иш маанилүү! Министр Бейшеналиев аны сындап жаткандарга жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0