Шашылыш билдирүү! ӨКМ суу каптап, кар көчкү түшүшү мүмкүн деген аймактарды атады
10:36 24.03.2022 (Жаңыртылды: 10:37 24.03.2022)
© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек - Ош жолундагы кар көчкү. Архив
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Жазылуу
ӨКМ бүгүн Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда суу каптоо жана дарыяларда суу ташкындоо коркунучу жогору экенин айтты.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөрүлмөлүү аба ырайынан улам айрым аймактарды суу каптап жана кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.
Бүгүн Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда суу каптап жана дарыялардын нугунан көтөрүлүп кетүү коркунучу турганы кабарланды.
24-28-март күндөрү кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактар:
Бишкек — Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда;
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-76 жана 84-92-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында;
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 74-95-чакырымдарында;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 160-179-чакырымындагы Талдык ашуусунда;
Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 136-137 жана 147-150-чакырымдарындагы Батман-Көл, Кара-Тейит айылдарында;
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 289-305-чакырымындагы Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында;
Казарман — Ак-Тал-Чат жолунун 42-44 жана 60-94-чакырымдарындагы Ийри-Суу тилкеси менен Кара-Көө ашуусунда;
Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусунда.
ӨКМ бул аймактарда кар көчкү түшүшү жана күрткү жаралышы мүмкүндүгүн, жолдор тайгак болуп муз тоңо турганын айтты. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.