87 жашка толмок. Кыргыздын кыйындарынын бири Байжиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Жазылуу
Бүгүн – белгилүү драматург, жазуучу, сценарист Мар Байжиевдин туулган күнү. Залкар инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 87 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Мар Байжиев – белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиевдин уулу. Илимпозду 1950-жылы КГБ кызматкерлери үйдөн кармап кетип, эки жылдан кийин Казакстандагы түрмөдө көз жумган.
Ата жолун улаган болочоктогу калемгер Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетинде окуп, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун аяктаган. Андан соң жаш талант "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген.
Жазуучунун калемине таандык "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд", "Он экинчи күн", "Төрт адам" пьесалары дүйнөнүн бир топ театрларында коюлган. Ошондой элде сценарийлеринин негизинде "Нөшөр", "Бөтөн бакыт", "Жаңы жыл алдындагы түн", "Ак илбирстин тукуму", "Чоочун бакыт", "Нөшөр", "Нокдаун", "Жиндилер поезди", "Окуя", "Алтын күз", "Жаңы жыл түнү", "Эргулдар" тасмасы тартылып экранга чыккан.
Андан сырткары, КРдин эл жазуучусу "Манас" эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору, "Манас" эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Мар Байжиев Сагынбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча "Манас" эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөмдөп которгон. II даражадагы Манас орденинин ээси 2021-жылы 29-октябрда 86 жашында дүйнө салган.
© Sputnik / Александр Федоров

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында төрөлгөн

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында төрөлгөн - Sputnik Кыргызстан
1/12

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында төрөлгөн

© Sputnik / Дронов / Медиабанкка өтүү

Жаш калемгер Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетинде билим алып, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун бүтүргөн

Жаш калемгер Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетинде билим алып, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун бүтүргөн - Sputnik Кыргызстан
2/12

Жаш калемгер Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетинде билим алып, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун бүтүргөн

© Sputnik / Александр Федоров

Студенттер менен кызуу баарлашкан драматург. 1983-жыл

Студенттер менен кызуу баарлашкан драматург. 1983-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/12

Студенттер менен кызуу баарлашкан драматург. 1983-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Режиссер Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасын тартуу учуру. Анын сценарийин Мар Байжиев жазган.

Режиссер Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасын тартуу учуру. Анын сценарийин Мар Байжиев жазган. - Sputnik Кыргызстан
4/12

Режиссер Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасын тартуу учуру. Анын сценарийин Мар Байжиев жазган.

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз элинин каймактары: Чыңгыз Айтматов менен Мар Байжиев. 1984-жыл

Кыргыз элинин каймактары: Чыңгыз Айтматов менен Мар Байжиев. 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/12

Кыргыз элинин каймактары: Чыңгыз Айтматов менен Мар Байжиев. 1984-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев менен драматург Мар Байжиев. "Ак илбирстин тукуму" киносун тартуу маалы.

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев менен драматург Мар Байжиев. "Ак илбирстин тукуму" киносун тартуу маалы. - Sputnik Кыргызстан
6/12

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев менен драматург Мар Байжиев. "Ак илбирстин тукуму" киносун тартуу маалы.

© Sputnik / Александр Федоров

Драматург Мар Байжиев, Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиев, режиссер Төлөмүш Океев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков. 1983-жыл

Драматург Мар Байжиев, Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиев, режиссер Төлөмүш Океев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков. 1983-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/12

Драматург Мар Байжиев, Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиев, режиссер Төлөмүш Океев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков. 1983-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Белгилүү режиссер Геннадий Базаров жана сценарист Мар Байжиев

Белгилүү режиссер Геннадий Базаров жана сценарист Мар Байжиев - Sputnik Кыргызстан
8/12

Белгилүү режиссер Геннадий Базаров жана сценарист Мар Байжиев

© Sputnik / Александр Федоров

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев - Sputnik Кыргызстан
9/12

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев

© Sputnik / Александр Федоров

Мар Байжиев – "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого чоң салым кошкондордун бири

Мар Байжиев – "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого чоң салым кошкондордун бири - Sputnik Кыргызстан
10/12

Мар Байжиев – "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого чоң салым кошкондордун бири

© Sputnik / Александр Федоров

Киночулар: белгилүү оператор Нуртай Борбиев менен Мар Байжиев. 2002-жыл

Киночулар: белгилүү оператор Нуртай Борбиев менен Мар Байжиев. 2002-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/12

Киночулар: белгилүү оператор Нуртай Борбиев менен Мар Байжиев. 2002-жыл

© Sputnik / Нургуль Максутова

Өмүрүн маданият, адабиятка арнаган инсан 2021-жылы 29-октябрда 86 жашында дүйнө салган

Өмүрүн маданият, адабиятка арнаган инсан 2021-жылы 29-октябрда 86 жашында дүйнө салган - Sputnik Кыргызстан
12/12

Өмүрүн маданият, адабиятка арнаган инсан 2021-жылы 29-октябрда 86 жашында дүйнө салган

Жаңылыктар түрмөгү
0