Жетим өскөн, Акаевдин кеңешчиси болгон. Салижан Жигитовдун сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Белгилүү окумуштуу, жазуучу, сынчы Салижан Жигитовдун көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок.
Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келип, 11 жашында энесинен, 14 жашында атасынан ажырап томолой жетим өскөн. Борбор калаадагы №5 интернатка келип билим алып, ыр, макалаларын гезиттерге жарыялаган.
Окумуштуу өзүнүн чыгармачылыгында котормочулук, сынчылык менен да алектенген. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары президент Аскар Акаевдин кеңешчиси, өлкөнүн Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган. Үч жылдан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору, гуманитардык илимдер институтунун директору болуп кайра эле агартуучулукка кайтып келген.
Салижан Жигитов жубайы Кимия Токтосунова менен 40 жыл бирге түтүн булатып, бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Кыргыздын чыгаан уулу 2006-жылы 11-февралда 69 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
© Фото / из семейного архива Жигитовых

Салижан Жигитов Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде жогорку билим алган

Салижан Жигитов Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде жогорку билим алган - Sputnik Кыргызстан
1/11

Салижан Жигитов Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде жогорку билим алган

© Фото / из семейного архива Жигитовых

Биринчи катарда экинчи турган жаш Салижан Жигитов

Биринчи катарда экинчи турган жаш Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан
2/11

Биринчи катарда экинчи турган жаш Салижан Жигитов

© Фото / из семейного архива Жигитовых

Студенттик күндөр: болочоктогу атактуу тилчи курбалдаштары менен

Студенттик күндөр: болочоктогу атактуу тилчи курбалдаштары менен - Sputnik Кыргызстан
3/11

Студенттик күндөр: болочоктогу атактуу тилчи курбалдаштары менен

© Sputnik / Александр Федоров

Илимпоз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору кызматын аркалаган

Илимпоз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору кызматын аркалаган - Sputnik Кыргызстан
4/11

Илимпоз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору кызматын аркалаган

© Фото / из семейного архива Жигитовых

Окумуштуу 1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. Мамлекеттик ишмер Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен

Окумуштуу 1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. Мамлекеттик ишмер Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен - Sputnik Кыргызстан
5/11

Окумуштуу 1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. Мамлекеттик ишмер Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен

© Фото / предоставлено Кыргызско-Турецким университетом "Манас"

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Салижан Жигитов чет элдик коноктор менен

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Салижан Жигитов чет элдик коноктор менен - Sputnik Кыргызстан
6/11

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Салижан Жигитов чет элдик коноктор менен

© Фото / из семейного архива Жигитовых

Жигитов 1978-1992-жылдары Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда сектор башчы болгон

Жигитов 1978-1992-жылдары Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда сектор башчы болгон - Sputnik Кыргызстан
7/11

Жигитов 1978-1992-жылдары Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда сектор башчы болгон

© Фото / из семейного архива Жигитовых

КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир топ илимпоздорго устаттык кылган

КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир топ илимпоздорго устаттык кылган - Sputnik Кыргызстан
8/11

КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир топ илимпоздорго устаттык кылган

© Жылдызбек Турсунбаев

Кыргыз эл жазуучусу орус, түрк, башкыр тилиндеги чыгармаларды кыргызчалаган, азербайжан, татар, өзбек, казак тилин да жакшы билген.

Кыргыз эл жазуучусу орус, түрк, башкыр тилиндеги чыгармаларды кыргызчалаган, азербайжан, татар, өзбек, казак тилин да жакшы билген. - Sputnik Кыргызстан
9/11

Кыргыз эл жазуучусу орус, түрк, башкыр тилиндеги чыгармаларды кыргызчалаган, азербайжан, татар, өзбек, казак тилин да жакшы билген.

© Фото / из семейного архива Жигитовых

Филология илимдеринин доктору туугандары менен. Жигитов солдон оңду карай экинчи катарда экинчи турат

Филология илимдеринин доктору туугандары менен. Жигитов солдон оңду карай экинчи катарда экинчи турат - Sputnik Кыргызстан
10/11

Филология илимдеринин доктору туугандары менен. Жигитов солдон оңду карай экинчи катарда экинчи турат

© Фото / из семейного архива Жигитовых

Кыргыздын чыгаан уулу 2006-жылы 11-февралда 69 жашында көз жумган

Кыргыздын чыгаан уулу 2006-жылы 11-февралда 69 жашында көз жумган - Sputnik Кыргызстан
11/11

Кыргыздын чыгаан уулу 2006-жылы 11-февралда 69 жашында көз жумган

Тема боюнча:
Тасма тартуу үчүн үйүн күрөөгө да койгон. Эрнест Абдыжапаровдун сүрөттөрү
Кайгылуу ырлардын рыцары 64 жашта. Асылбек Өзүбековдун сүрөттөрү
Бопуш, Саяк, Саякбай болуп жашай берет. Марат Жантелиев 61 жашка чыкмак...
Жаңылыктар түрмөгү
0