Бопуш, Саяк, Саякбай болуп жашай берет. Марат Жантелиев 61 жашка чыкмак...

Жазылуу
Бүгүн кыргыз киносунун, театрынын жылдызы Марат Жантелиевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан актёрдун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Марат Жантелиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган. Элеттеги орто мектепти аяктаган соң үйдөгүлөрдүн каршылыгына карабай Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна (ВГИК) тапшырып, аны артыкчылык менен бүтүргөн. Кийин белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасында Саяк аттуу оорулуу баланын ролун аткарып тушоосу кесилген. Андан соң бир катар кинокартиналарда образ жаратып, эл арасында тааныла баштаган.
Актёр Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык эмгектенген. КРдин эмгек сиңирген артисти өзүнүн эмгек жолунда театр менен кинону бирге алып жүргөн. Сахнада Бопуш деген ылакап ат менен таанылса, тасмада селсаяк (бомж), Каке, Саякбай болуп бир топ тасмаларды көрккө бөлөгөн.
Жеке жашоосунда жубайы Асел Дооронбаева экөө бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.
Марат Жантелиев 2020-жылдын 9-июнунда оорудан улам көз жумуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Актёрдун көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка толмок.
© Sputnik / Александр Федоров

Марат Жантелиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун артыкчылык менен аяктаган

Марат Жантелиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун артыкчылык менен аяктаган - Sputnik Кыргызстан
1/13

Марат Жантелиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун артыкчылык менен аяктаган

© Sputnik / Александр Федоров

КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова, "Ак илбирстин тукумун" тартуу учуру

КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова, "Ак илбирстин тукумун" тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
2/13

КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова, "Ак илбирстин тукумун" тартуу учуру

© Sputnik / Александр Федоров

Улууларды жандаган жаш талант. Оң жакта биринчи турган Марат Жантелиев

Улууларды жандаган жаш талант. Оң жакта биринчи турган Марат Жантелиев - Sputnik Кыргызстан
3/13

Улууларды жандаган жаш талант. Оң жакта биринчи турган Марат Жантелиев

© Sputnik / Александр Федоров

Жаш актёр режиссёр Үсөнжан Ибрагимовдун фильмине катышкан

Жаш актёр режиссёр Үсөнжан Ибрагимовдун фильмине катышкан - Sputnik Кыргызстан
4/13

Жаш актёр режиссёр Үсөнжан Ибрагимовдун фильмине катышкан

© Sputnik / Александр Федоров

Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" киносунда 22 жаштагы актёр Саяктын ролунда

Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" киносунда 22 жаштагы актёр Саяктын ролунда - Sputnik Кыргызстан
5/13

Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" киносунда 22 жаштагы актёр Саяктын ролунда

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган учуру. Президент Сооронбай Жээнбеков менен

КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган учуру. Президент Сооронбай Жээнбеков менен - Sputnik Кыргызстан
6/13

КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган учуру. Президент Сооронбай Жээнбеков менен

© Фото / Заир Исаков

Актёр залкар манасчы Саякбай Каралаевдин образында

Актёр залкар манасчы Саякбай Каралаевдин образында - Sputnik Кыргызстан
7/13

Актёр залкар манасчы Саякбай Каралаевдин образында

© Фото / Кыргызский Государственный театр юного зрителя им. Б.Кыдыкеевой

Актёр Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык роль аткарган

Актёр Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык роль аткарган - Sputnik Кыргызстан
8/13

Актёр Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык роль аткарган

© Фото / Кыргызский Государственный театр юного зрителя им. Б.Кыдыкеевой

Сакиш жана Бопуш ылакап аты менен таанылган Айнура Тургунбаева менен Марат Жантелиев

Сакиш жана Бопуш ылакап аты менен таанылган Айнура Тургунбаева менен Марат Жантелиев - Sputnik Кыргызстан
9/13

Сакиш жана Бопуш ылакап аты менен таанылган Айнура Тургунбаева менен Марат Жантелиев

© Фото / Эдиль Мелисбеков

Таланттуу актёр акыркы тартылган тасмаларынын биринде башкы ролдо

Таланттуу актёр акыркы тартылган тасмаларынын биринде башкы ролдо - Sputnik Кыргызстан
10/13

Таланттуу актёр акыркы тартылган тасмаларынын биринде башкы ролдо

© Фото / Кыргызский Государственный театр юного зрителя им. Б.Кыдыкеевой

Артист 2020-жылы 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан

Артист 2020-жылы 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан - Sputnik Кыргызстан
11/13

Артист 2020-жылы 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан

© Sputnik

Актёр "Президент жана бомж" тасмасында, "Чиркин өмүр" сериалында, "Мосфильм" студиясынын "Очарованный странник" кинокартинасында тартылган

Актёр "Президент жана бомж" тасмасында, "Чиркин өмүр" сериалында, "Мосфильм" студиясынын "Очарованный странник" кинокартинасында тартылган - Sputnik Кыргызстан
12/13

Актёр "Президент жана бомж" тасмасында, "Чиркин өмүр" сериалында, "Мосфильм" студиясынын "Очарованный странник" кинокартинасында тартылган

© Sputnik / Александр Федоров

Актёрдун көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка толмок

Актёрдун көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка толмок - Sputnik Кыргызстан
13/13

Актёрдун көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка толмок

Жаңылыктар түрмөгү
0