https://sputnik.kg/20220318/bishkekte-kajguul-miliciyasy-ajdoochu-kural-1062937086.html
Бишкекте кайгуул милиция айдоочуга курал кезеди. Видео
Бишкекте кайгуул милиция айдоочуга курал кезеди. Видео
Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу окуя түндө 12-кичи райондо болгонун айтты. 18.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-18T11:40+0600
2022-03-18T11:40+0600
2022-03-18T11:40+0600
бишкек
милиция
айдоочу
курал
видео
кыргызстан
окуялар
https://sputnik.kg/img/104613/94/1046139455_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_1942bffeb9277b8bcbbcd5ceb0e6dd18.jpg
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте кайгуул милициясынын кызматкери мотоциклчен адамга курал кезеди.Окуя болгон учурда тартылган видеону активист Болот Ибрагимов социалдык тармакка жүктөгөн. Кадрларда көрүнүп тургандай, милиционер айдоочуга курал кезеп, жанында турган кесиптеши ага тапанчаны түшүр дегендей жаңсап жатат. Көп кабаттуу үйдөгү батирдин терезесинен тартып жаткан киши атпа деп суранат.Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу окуя түндө болгонун айтты. Маалыматка караганда, Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган айдоочуну инспекторлор токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал качып барып, 12-кичи райондо колго түшкөн. Окуя дал ошол жерде болгон.Ошондой эле милициядан билдиргендей, кийин айдоочу наркология бөлүмүнө жеткирилип, ичип алып рулга отурганы аныкталган.Жыйынтыгында айдоочуга карата беш протокол түзүлдү. Ал эми жаранга курал кезеген кызматкердин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө башталды.
https://sputnik.kg/20220317/iim-myjzam-buzgan-miliciya-kyzmatkerleri-video-1062911353.html
https://sputnik.kg/20220317/zhyl-bashynan-beri-bishkekte-57-min-iret-zhol-erezhesi-buzulgan-1062899891.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104613/94/1046139455_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_a58e56e6c96046c818e1895cf129431e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, милиция, айдоочу, курал, видео, кыргызстан, окуялар
бишкек, милиция, айдоочу, курал, видео, кыргызстан, окуялар
Бишкекте кайгуул милиция айдоочуга курал кезеди. Видео
Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу окуя түндө 12-кичи райондо болгонун айтты.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте кайгуул милициясынын кызматкери мотоциклчен адамга курал кезеди.
Окуя болгон учурда тартылган видеону активист Болот Ибрагимов социалдык тармакка жүктөгөн. Кадрларда көрүнүп тургандай, милиционер айдоочуга курал кезеп, жанында турган кесиптеши ага тапанчаны түшүр дегендей жаңсап жатат. Көп кабаттуу үйдөгү батирдин терезесинен тартып жаткан киши атпа деп суранат.
Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу окуя түндө болгонун айтты. Маалыматка караганда, Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган айдоочуну инспекторлор токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал качып барып, 12-кичи райондо колго түшкөн. Окуя дал ошол жерде болгон.
Ошондой эле милициядан билдиргендей, кийин айдоочу наркология бөлүмүнө жеткирилип, ичип алып рулга отурганы аныкталган.
Жыйынтыгында айдоочуга карата беш протокол түзүлдү. Ал эми жаранга курал кезеген кызматкердин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө башталды.
17 Жалган Куран 2022, 12:38
17 Жалган Куран 2022, 08:48