00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ичи заңгырайт! Экс-судьянын театрга айланган хан сарайы. Видео

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук "Манас" театрынын ачылыш аземинде
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук Манас театрынын ачылыш аземинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
Үй Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада жайгашкан. Ал мыйзамсыз байыган деп айыпталган Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болчу.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте бир нече күн мурун Кыргыз улуттук "Манас" театры имараттуу болгон.
Театрга имарат катары мыйзамсыз байыган деп айыпталган Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин хан сарайы берилген. Үй Бишкектин түштүгүндөгү VIP-шаарчада.
@sputnik.kyrgyzstan Бул заңгыраган үй Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болчу. Осмоналиев мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып, жогорудагы үйү мамлекетке өткөн. Азыр бул үй театрга айланды. #кыргызстан🇰🇬тикток ♬ Stories 2 - Danilo Stankovic
Театр 2021-жылдын сентябрь айында "Манас" эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу максатында негизделген. Президенттин 2022-жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макам ыйгарылган. Жетекчиси — манасчы Азиз Биймырза уулу.
Sputnik агенттигинин чыгармачыл тобу VIP-шаарчадагы эки кабаттуу үй маданий жайга кантип айланганын көрүп келди.
Имараттын биринчи кабатында 30 кишиге ылайыкташкан кичи сахна жайгашкан, бул жакта чыгармачыл кечелерди уюштурууга болот. Экинчи кабатта театр администрациясынын иш бөлмөлөрүн көрүүгө болот. Конфискацияланган үйдө бардык керектүү буюм-тайым, анын ичинде эмеректер бар.
Театрдын жетекчиси Азиз Биймырза уулунун айтымында, штатта башында 33 киши болсо, азыр 83кө жетти. Ал айлык акы да жогорулаганын, каржы маселеси менен Маданият министрлиги алектенерин айтты.
Ошондой эле театр башчысы жакынкы аралыкта Борбор Азиянын өнөрпоздорунун катышуусунда айтыш уюштуруу пландалып жатканын жана Түркияда өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык башталарын кошумчалады.

Камил Осмоналиев

2020-жылы декабрда мыйзамсыз байыган деп кармалган Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев 2021-жылы мартта мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макул болуп, абактан чыккан. Судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде ("Мыйзамсыз баюу") каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.
Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, "Манас" театрына берилген хан сарай 66 миллион сомго бааланат. Үйдүн аянты болжолу менен 300 чарчы метр.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Мамлекеттин акчасын кайтарган миллионер чиновниктердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0