Мамлекеттин акчасын кайтарган миллионер чиновниктердин тизмеси

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Жазылуу
Transparency International эл аралык уюму коррупциянын деңгээли боюнча 2021-жылдын рейтингин жарыялап, Кыргызстан 144-орунга (180 өлкөнүн ичинен) түшүп кетти. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 20 позицияга төмөндөдүк дегенди билдирет.
Кыргызстанда бийлик алмашкандан бери өлкө башында тургандар коррупция менен аёосуз күрөшүп жатканын айтып келүүдө. Жемкорлуктун ана башында тургандар катары чоң кызматта туруп акча жегендер көрсөтүлүп, алардын "кусуп" жатканы тууралуу макалалар ЖМК беттерине жарыяланып жүрөт. Бирок түшкөн миллиарддар кайда жумшалганы боюнча расмий маалымат жок.
Sputnik Кыргызстан буга чейин ким канча "кусканын" тизмектеди. Эскерте кетсек, мында ачык булактарга жарыяланган гана маалыматтар алынды. Тизме төгүп берген акчанын суммасына карап түзүлдү.

Райымбек Матраимов

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "кускандардын" сап башында.
Матраимов алгач 2020-жылдын октябрында кармалып, бажыда коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган. Ушундан кийин бийлик өкүлдөрү анын бюджетке 2 миллиард сом төгөрүн айтышкан. Кийинчерээк ал 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРРайымбек Матраимов (ортодо)
Задержание Райымбека Матраимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Райымбек Матраимов (ортодо)
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча ("Коррупция") айыптуу деп табылып, тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айып пул салынган.
Ошол эле жылдын 18-февралында Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштоого Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгонун белгилеп, бирок журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталбаганын айткан. Мындан улам козголгон кылмыш иши кыскартылып, Матраимов бошотулган. Ошол эле учурда ал 20 миллион сомдук батирин мамлекетке өткөрүп берген.

Кубанычбек Жумалиев

2021-жылдын башында Жумалиев коррупцияга шектелип кармалып, эки айга камакка алынган. Ага карата мыйзамсыз баюу боюнча бир катар айыптар коюлган.
© Фото / пресс-служба ЖККубанычбек Жумалиев
Депутата Жогорку Кенеша Кубанычбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Кубанычбек Жумалиев
Бир нече айдан кийин бюджетке 1 миллиард сом которгону маалымдалган.

Азиз Суракматов

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталган. Ал тууганы менен биргеликте борбор калаанын түштүк бөлүгүнүн эң кымбат аймагынан 15 гектар жерди жеке менчигине өткөрүп алганы айтылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековАзиз Суракматов
Пресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Азиз Суракматов
Суракматов тергөө менен кызматташуунун алкагында мамлекетке келтирилген чыгымды (170 миллион сом) төлөп берген. Ал эми 8-февраль күнү Биринчи май райондук соту ага карата козголгон кылмыш ишин токтотту.

Камил Осмоналиев

Мыйзамсыз байыган деп кармалган Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макул болуп, абактан чыккан. Ага чейин судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде ("Мыйзамсыз баюу") каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.
© Фото / пресс-служба Верховного судаКамил Осмоналиев
Судья Верховного суда Камиль Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Камил Осмоналиев

Жалил Атамбаев

2021-жылдын март айында ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, ишкер Жалил Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалган. Ал олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган деп айыпталган. Кийин ал келтирген чыгымдын ордун (100 миллион сом) толтуруп берип, үй камагына чыккан.

Жаныш Кудайбергенов

ЖКнын экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов менен биргеликте жерлерди мыйзамсыз менчиктештирип алган деп айыпталганын жергиликтүү ЖМКлар жазышкан. Кийин УКМКдан ал чыгымдын ордун толтуруу үчүн 75 миллион сом төлөп бергени кабарлаган.

Нурбек Айтмаматов

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айтмаматов былтыр июнь айында кармалган. Ага Жазык кодексинин 323-беренесине ("Мыйзамсыз баюу") ылайык кылмыш иши козголгон. Ал бир айдан кийин 74 миллион сом төгүп берип, эркиндикке чыккан.
© Фото / пресс-служба ГКНБНурбек Айтмаматов (ортодо)
Задержание начальника Юго-западной таможни ГТС  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Нурбек Айтмаматов (ортодо)

Генрих Балян

"Карвен Групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян мамлекетке 60 миллион сом которгон. Буга анын алдамчылыкка айыпталып, кармалганы себеп болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы айтылган. Бул үчүн ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү өтө жогору баалап (670 миң доллар) күрөөгө койгондугу маалымдалган.
© Фото / Karven Four SeasonsГенрих Балян
Владелец ассоциации компаний Карвен групп Генрих Балян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Генрих Балян

Алиярбек Абжалиев

Экс-депутат Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шектелип, 20 элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусунда пансионаты, Ысык-Көл менен Чүй облусунда жер тилкелери, Түркия менен БАЭде кыймылсыз мүлкү бар экени айтылган. Былтыр УКМК ал 50 миллион сом төккөнүн маалымдады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАлиярбек Абжалиев
Депутат Жогорку Кенеша Алиярбек Абжалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Алиярбек Абжалиев
9-февраль күнү башкы прокурор Курманкул Зулушев Абжалиевге карата кылмыш иши кыскарганын айтты эле, бирок бир нече күн өткөн соң анын кайрадан кармалгандыгы тууралуу маалымат тарады. Бул ирет анын коррупцияга тиешеси жок. Экс-депутаттын үстүнөн арызды уулунун өнөктөшү жазган.

Марат Аманкулов

ЖКнын экс-депутаты Марат Аманкулов Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча айыпталган. Кийин 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековМарат Аманкулов
Депутат Марат Аманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Марат Аманкулов

Мухаммедкалый Абылгазиев

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2021-жылдын январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле. Андан сырткары, активдерин мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, курулушка инвестиция салган делген.
Встреча президента Жээнбекова с торага ЖК Джумабековым и премьер-министром Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Мухаммедкалый Абылгазиев
Ошол эле жылдын август айында ал 50 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан.

Уланбек Азыгалиев

Мыйзамсыз баюуга шектелген Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төлөгөн. УКМК аны кызмат абалынан пайдаланып, материалдык киреше көрүү максатында жеке компанияларга көп кабаттуу үй куруу үчүн уруксат кагаздарын мыйзамсыз бергендигин айткан.
Вице-мэр по вопросам градостроительства и архитектуры Уланбек Азыгалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Уланбек Азыгалиев

Мирлан Амантуров

Дагы бир экс-вице-мэр Мирлан Амантуров ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип кармалган. Кийин ал 25 миллион сом төгүп бергени айтылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековМирлан Амантуров
Вице-мэр Бишкека по вопросам ЖКХ Мирлан Амантур - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Мирлан Амантуров

Эмил Жамгырчиев

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев 2020-жылдын октябрында кармалган. Ага каршы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Жазык кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") негизинде кылмыш иши ачылган. Кийин Жамгырчиев мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төккөнүн УКМКдан кабарлаган.
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Эмил Жамгырчиев
Экс-замглавы ГСБЭП Эмиль Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Эмил Жамгырчиев

Бакир Таиров

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таировду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 265 миң сом айыпка жыккан. Ага чейин Таиров тергөө менен келишим түзүп, 20 миллион сом чыгымды мамлекетке кайтарганы айтылган.
Бывший глава ГСБЭП Бакир Таиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Бакир Таиров

Улукбек Өмүрзаков

Көмүр кенин басып алууга шектелип кармалган Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков мамлекеттик казынага 20 миллион сомдук чыгымды төлөп берип, үй камагына чыккан.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваУлукбек Өмүрзаков
Президент федерации ММА и панкратиона КР Улукбек Омурзаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Улукбек Өмүрзаков

Дүйшөн Ирсалиев

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев "Коррупция" беренеси боюнча айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал иштеп турганда ЭЭАда туруктуу коррупциялык схема түзүлгөн. Кийин ал 20 миллион сом төлөп берип, үй камагына чыгарылган.
© Фото / пресс-служба ФГИ КРДүйшөн Ирсалиев
Председатель Фонда по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики Ирсалиев Дуйшон Исмаилович. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Дүйшөн Ирсалиев

Нурлан Ражабалиев

Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы, азыркы депутат Нурлан Ражабалиев 2021-жылдын башында "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган. Кийин ал тергөө менен кызматташып, дагы 12 миллион сом төгүп бергени айтылган. Учурда Ражабалиев ЖК депутаты.
© Sputnik / Табылды КадырбековНурлан Ражабалиев
Депутат Жогорку Кенеша Нурлан Ражабалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Нурлан Ражабалиев

Бахтияр Юнусов

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Бахтияр Юнусов КР Жазык кодексинин 205-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен айыпталып, былтыркы жылдын январь айында келтирилген чыгымы катары 11,7 миллион сом төгүп берип, эркиндикке чыгарылган.

10 миллиондон төмөн төлөгөндөр

Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев (8 миллион), Өзгөн райондук электр тармактары мекемесинин жетекчиси Артур Жусуев (5 миллион), Транспорт жана жол министрлигинин мурдагы статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев (2,5 миллион), Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов (1,33 миллион), Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев (1 миллион) сыяктуулар дагы ар кыл берене боюнча айыпталып, мамлекетке 10 миллион сомдон төмөн сумманы төгүп беришкен.
Кишенделген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
УКМК: Ош шаардык ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси кармалды
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Ысык-Көлдө мектеп курулушунан 3 млн. сом "жешкен". Шектүүлөр кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0