Бишкекте 7 жаштагы кыз изделүүдө

© AFP 2022 / PHILIPPE HUGUENРюкзак менен кыз. Архив
Рюкзак менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
РИИБ Диана Боронбаеванын кайда экенин билгендер же аны көргөндөр болсо 0 557 11-94-10, 0 704 30-08-43, 0 702 49-88-88 же 102 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте милиция Диана Боронбаева аттуу жети жаштагы кызды издеп жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 17-мартта РИИБге Б.Н. аттуу аял кызын издөөгө жардамдашууну суранып кайрылган. Анын айтымында, жети жаштагы кызы 17-мартта болжол менен саат 16:30да Сүйүмбаев көчөсүндөгү кошумча сабактан чыгып, Тунгуч кичи районун көздөй кеткен. Азыркы тапта кыздын кайда экени белгисиз.
Аталган факт Свердлов РИИБдин Бирдиктүү реестрине катталган.
Изделип жаткан кыздын белгилери: бою 125-130 сантиметр, арыкчырай, чачы кара. Үстүндө күлгүн түстөгү куртка, кара ботинка, кара түстөгү шым кийип жүргөн.
РИИБ Диана Боронбаеванын кайда экенин билгендер же аны көргөндөр болсо 0 557 11-94-10, 0 704 30-08-43, 0 702 49-88-88 же 102 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.
Бишкекте дайынсыз жоголгон Мадумарова Малика Алмазбековна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Бишкекте Малика Мадумарова аттуу кыз изделүүдө. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0