Садыр Жапаров Бишкектеги хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров. Архив
Өлкө башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Бүгүнкү оюнда Кыргызстан Ирандын командасы менен күч сынашат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Бишкекте өтө турган IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Чемпионат шаардык муз аянтчасында өтөт. Салтанаттуу азем Коомдук телерадио берүү корпорациясында түз эфирде саат 19:25тен баштап чагылдырылат.
Турнирге ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) президенти Люк Тардиф келет.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары күч сынашат. 3-мартта башталган оюн 8-мартта аяктайт.
Командалар бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Бүгүн сааат 16:00дө Малайзия менен Кувейт, саат 20:00дө Кыргызстан менен Иран ойнойт.
Хоккей оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Расписание
Жаңылыктар түрмөгү
0