00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакбаев БАЭге визасыз режимге өтүүнү сунуштады. Көтөрүлгөн маселелер

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БАЭге расмий сапары
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БАЭге расмий сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
ТИМ башчысы Абу-Даби шаарына расмий сапары менен барып, БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министрлигинин жетекчилиги менен жолукту.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмирлигинин бийлигине кыргызстандыктар үчүн визасыз режим киргизип берүү сунушу менен кайрылды.
Тышкы саясат ведомствосунун маалыматына караганда, бул тууралуу Казакбаевдин Абу-Даби шаарына расмий сапары учурунда сөз болду. Ал жактан министр БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри, шейх Абдалла бин Заед Аль-Нахаян жана тышкы иштер, кызматташтык боюнча мамлекеттик министри Ахмад Али Аль-Сайег менен жолугушту.
Алар эки тараптуу кызматташууну күчөтүү жана соода мамилелерин мындан ары дагы жакшыртуу боюнча сүйлөштү.
Жолугушуудагы негизинен төмөнкүдөй сунуштар айтылды:
Казакбаев туризм, айыл чарбасы, энергетика, кен байлыктарды иштетүү жана кыргызстандыктарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу үчүн ипотекалык кредит жаатында кызматташуу үчүн кыргыз-эмират биргелешкен инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады;
тараптар келечекте жүргүнчү жана жүк ташуу боюнча авиакаттамдарды көбөйтүү тууралуу сүйлөштү;
Казакбаев жашыл экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана климат жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылууну сунуштады;
кыргыз тарап Кыргызстан менен БАЭнин соттолгон жарандарды өткөрүп берүү боюнча буга чейинки келишимди ратификациялоону ылдамдатууну суранды;
БАЭнин аймагында иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны көп экенине байланыштуу Казакбаев алардын иш шартын жакшыртууну өтүнүп, ошондой эле визасыз режимге өтүү сунушун айтты;
Кыргызстанда араб маданияты борборлорун, окуу жайларды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды;
Кыргызстан БАЭден коррупция жана эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алууну көздөйт.
Жыйынтыгында тараптар саясий консультация өткөрүү жана эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун ортосунда кызматташтыкты күчөтүү боюнча протоколго кол коюшту.
Аравиялык Air Arabia авиакомпаниясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Air Arabia жайкысын Ысык-Көлгө катташы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0