Жаан жаап, көчкү түшөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өлкөнүн кээ бир аймактарында 1-марттан 3-мартка чейин жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар:
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75, 89-101-чакырымдарында;
Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Бишкекте 1-мартта жамгыр жаашы мүмкүн, бирок абанын температурасы төмөндөбөйт.
Таласта 5-мартта кар жаашы күтүлөт. Башка күндөрү өрөөндөрдө абанын температурасы 8...10 градуска чейин жетип, жылуу болору божомолдонду.
Түштүк аймактарда да аба ырайы апта ичи өзгөрүп турары айтылды. 1-март күндүз жана 2-март түнкүсүн жаан жаашы ыктымал. Жалал-Абад менен Баткендин тоолуу аймактарына үч күн кар жаашы күтүлүүдө.
Ысык-Көл менен Нарында 28-февралда жана 1-мартта жаан, тоолуу аймактарына кар жаашы божомолдонду. 3-марттан 5-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт.
Кар жаап атканда жолду өтүп бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Кайра кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0