Улуттук банк сомду колдоо үчүн 13,05 млн. доллар сатты

© REUTERS / Yuriko Nakao / File PhotoДоллары США. Архивное фото
Доллары США. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Кыргызстандын ички валюта рыногунда долларга болгон суроо-талап күчөдү.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун курсун кармап туруш үчүн бүгүн, 24-февралда, 13 миллион 50 миң доллар сатты. Бул тууралуу башкы банктын сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, бүгүн доллар 10 сомго жогорулап, 95 сомду түздү.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын-валюталык запас колдонулат. Резервде ондогон валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун төлөм каражаты) жана алтын куймалар бар.
Кыргызстандын Улуттук банк имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Улуттук банк доллардын кымбатташы боюнча түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0