ӨКМ: Жалал-Абадда кар көчкүдө калгандарды табууга россиялык адистер жардамдашат

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери издөө иштери учурунда
ӨКМ кызматкерлери издөө иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Мындан он күн мурун жолдо иштеп жаткан төрт жумушчуну кар көчкү басып калган. Россиялык адистер кырсык болгон жерди рентген ыкмасы менен тартмакчы.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган кишилерди издөө иши жүрүп жаткан жерге барды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, жолдо иштегендер 14-февралдан бери дайынсыз. Алар Балыкчы — Казарман жолунун 334-чакырымында Көк-Арт участогунда бир жүктөгүч, экскаватор, "Нива" менен тоннелден Казарманды карай жолду тазалап жаткан учурда көчкү жүргөн. Унаалардын ичинде айдоочулар гана болгону айтылган. Изделип жаткандар - 24 жаштагы К.А., 44 жаштагы С.С., 43 жаштагы Х.Я. жана 35 жаштагы Л.Д. аттуу Кытайдын China Road ишканасынын жумушчулары.
Министр каза болгон кыргыз жаранынын жакындарына кезигип, көңүл айтуу менен маркумдун сөөгүн табууга болгон күч-аракет жумшаларын айткан. Ошондой эле кечиктирилгис түрдө аткарыла турчу бир катар тапшырмаларды койгон.
Такталган маалыматка ылайык, тоо боорунан 17 жолу майда жана сегиз ирет чоң көлөмдөгү кар көчкү түшүп, ныкталып калган. Тоннелдин түндүк тарабындагы изделип жаткан үч адамды басып калган кардын көлөмү 1,5 миллион кубометрди түзөт.
"Жакынкы күндөрү издөө ишин жүргүзүү үчүн кар көчкүнү рентген съемка кыла турган жабдыгы менен Россиядан атайын адистер келери күтүлүп жатат. Гидрометеорология кызматы күн ачык болгону менен мындай учурда кар эрип, кайра кайталап көчкү түшүү коркунучу бар экендигин эскертип жатат", — деген министр.
Министр Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолундагы тоннелдин түштүк тарабында курулуш иши бүтө электигине байланыштуу карды тазалоого техника кире албай жатканын айткан. Ал эми тоннелдин түндүк жагында карды тазалоо иши уланууда. Жол ачылары менен дагы беш экскаватор тартылып, жарандарды болушунча тез убакыт аралыгында табуу пландалып жатканын кошумчалаган.
ӨКМдин маалыматына караганда, учурда түшкөн кардын бийиктиги 40 метр, айрым жери 60 метрге чейин жетет. Куткаруучулар 30-40 метрден ашкан тереңдикке түшүп, издөө ишин жүргүзүүдө.
Жеринде 58 куткаруучу, атайын үйрөтүлгөн иттер жана темир издөөчү каражат менен адистер иш алып барууда. Жалпы сегиз техника, тагыраагы, беш экскаватор, бирден бульдозер, грейдер жана эки унаа жүктөгүч тартылган.
Ан-26 жүк ташуучу учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
ӨКМге жүк ташуучу самолет, тик учак жана дрондорду сатып алуу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0