Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бектемиров: токойду кыйган адамды эки жылга эркинен ажыратуу каралган

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекттик токой агенттигинин Токойду коргоо жана сактоо башкармалыгынын башкы адиси Алымжан Бектемиров
Айыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекттик токой агенттигинин Токойду коргоо жана сактоо башкармалыгынын башкы адиси Алымжан Бектемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекттик токой агенттигинин Токойду коргоо жана сактоо башкармалыгынын башкы адиси Алымжан Бектемиров мекеменин алдында 41 токой чарбасы бар экенин айтты.
Кыргызстандын жалпы аянтынын алты пайызын токой ээлейт. Өлкөнүн климаттык шартына байланыштуу токойлор өтө эле аз өсөт. Түндүктө (Ысык-Көл, Нарында) ийне жалбырактуу Тянь-Шань карагайлары, Таласта жазы жалбырактуу теректер, тоолорунда арча, ал эми түштүктө арча, жаңгак мөмөлүү токойлор бар. Жалпысынан өлкөдө токой баскан аянттар 800 миң гектардан (анын 630 миңи жаңгак токойлору) ашат. Бул тууралуу Алымжан Бектемиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бектемиров: токойду кыйган адамды эки жылга эркинен ажыратуу каралган
Анын айтымында, адамдардын токойлорду кыйган учурлары катталганы менен ал токой плантацияларынын азайышына алып келген жок.
"Мамлекеттик токой фондун коргоо жана башкаруу Мамлекеттик токой агенттигинин токойду коргоо жана сактоо башкармалыгына жүктөлгөн. Алсак, мыйзамсыз кыюудан, өрттөн, малдын жайылып кетүүсүнөн, курт-кумурскалар өңдүү зыянкечтерден, ар кандай оорулардан сактоо — биздин милдет. Мамлекттик токой агенттигинин алдында 41 токой чарбасы бар. Бул жер-жерлердеги башкармалыктар десек болот. Жалал-Абад облусундагы жаңгак токоюнун маанилүүлүгүнөн улам жана көбүрөөк зыянкечтерге учурагандыктан союз мезгилинен бери эле атайын сактоо станциясы иштеп келет. Ал ошол аймактагы 15 токой чарбасын карайт. Токойлорду кыйгандар бул ошол аймакка жакын жашаган адамдар болуп жатат. Келтирилген чыгым 10 миң сомдон ашса Кылмыш-жаза кодексине ылайык чара (эки жылга эркинен ажыратуу, чоң суммадагы айып пул жана кыйган карагайлардын ордун толтуруу) көрүлөт. Жаңгак токойлорун мал аралап кеткен учурлар катталып, табигый структура сакталбай келет. Себеби ал жерде калк жыш жайгашкан", — деди Бектемиров.
Ал БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун долбооруна ылайык, токойду малдан сактоо үчүн 1,5 миң гектардан ашык аянтка коргоочу конструкция орнотулганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0