00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
17:09
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Мир после Ирана: каким может стать новый баланс сил
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Бир кошок, экинчи учурда айтылган эмес. Кошок айтуунун эрежелери
19:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Туркестан» - как документальное кино учит говорить о сложном без лицемерия
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
«Аскер Сервис» коргонуу тармагындагы жаңы реформанын багыты жана стратегиялык мааниси
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Байсалов депутаттарга: регионалдык баланс деген маселени көтөрбөгүлө

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Депутат Саламаттык сактоо министрлигинде регионалдык балансты сактабаган фактылар көп болуп жатканын айткан.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин жыйынында депутаттарды регионалдык баланс тууралуу маселе тууралуу кеп козгобоого чакырды.
Депутат Надира Нарматова Саламаттык сактоо министрлигинде кадр маселесинде регионалдык балансты сактабаган фактылар көп болуп жатканын айтты.
Буга жооп берген министр Алымкадыр Бейшеналиев орун басарлары жана башка жетекчилик кызматтарда ар облустан келгендер бар экенин айтып, регионалдык баланс сакталарын белгиледи.
Ошол учурда Байсалов министрдин сөзү менен макул эместигин билдирип, эл өкүлдөрүнө кайрылды.
"Урматтуу Надира Азимовна, урматтуу депутаттар, биз 2022-жылда жашап жатабыз. 20-30-жыл мурунку актуалдуу темалар азыр жок. Азыркы кыргыздын жашоосунда "регионалдык баланс" деген сөз, түшүнүк дагы жок. Өлкөнүн булуң-бурчунан чыккан кыздар-жигиттер, ага-эжелер талантына, билимине жараша иштейт. Регионалдык баланс деген маселени өзгөчө ушул жыйындын төрүндө койбоңуздар", — деди Байсалов.
Андан соң Нарматова бир региондон келген жетекчи өзүнүн жердештерин гана тартып, башкаларды жумуштан айдап жаткан фактылар бар экенин айтты. Ал Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаеванын бир тууган эжеси фонддун Бишкектеги башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп отурганын мисал келтирди.
Бейшеналиев депутат айткан маселеден кабары жоктугун айтып, бүгүн текшерип, эгер чын эле ушундай болсо, ал өзүнүн адистигине жооп бербесе жумуштан ала турганын убадалады.
Андан соң Байсалов кайра сөз алды эле вице-спикер Улан Примов талкууну токтотуга чакырып, микрофонун өчүртүп койду.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Орун басарларым таластыктар! Министр Бейшеналиев Талас элинен кечирим сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0