Орун басарларым таластыктар! Министр Бейшеналиев Талас элинен кечирим сурады

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Таластын эли министрге нааразы болуп, президентке видео кайрылуу жолдошкон. Ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу Таластын аянтына чогулуп, Бейшеналиевге каршы митинг өткөрүү боюнча үндөөлөр күчөгөн.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Эгер менден ката кетип калган болсо Талас элинен кечирим сурайм. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирди.
Эске салсак, буга чейин министр Бейшеналиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү планы боюнча журналисттерге маалымат жыйын курган. Ошол жерден оорукананы оңдоп берем деп убадалаган ишкер тууралуу кеп кылып жатып "ал дагы аферист, ал дагы таластык" деп айтып алган. Кийин интернетке "таластыктарды колдобойм" деп айткан видеосу дагы тараган. Мындан улам Таластын эли министрге нааразы болуп, президентке видео кайрылуу жолдогон. Ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу Таластын аянтына чогулуп, Бейшеналиевге каршы митинг өткөрүү боюнча үндөөлөр күчөгөн.
"Учурда WhatsApp тиркемеси аркылуу мен тууралуу тарап жаткан маалыматтарды угуп, көрүп жатам. Мен Травматология борборуна барганда Жумабековдун 5-6 баласы бар экен. Баары Таластан чыккандар. Мен ошол жерден "бул жерде таластыктар турасыңар, мен силерди эч качан колдобойм" деп айтып алгам. Бирок менин сөзүмдүн жарымын калтырып, жарымын чыгарып жиберишиптир. Мени таластыктарга каршы көрсөтүп жатышат. Эгер менден ката кетип калса, Талас эли, кечирип коюңуздар. Мен башка жактан албай ушу таластыктарды өзүмө орун басар кылгам. Мисалы, өзүнчө бир министрликтей эле даражадагы Дары-дармек департаментин Нурдин деген таластык бала жетектейт. Дагы бир ири тармак болгон Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда Артур Жуманазаров деген таластык жакшы жигит иштейт. Кыргызстан боюнча дарылоо тармагын Нурида Жусупбекова тейлейт. Ал дагы Таластан болот. Таластан чыккан Айгүл Бообекова менин оң колум, жардамчым эң эле чоң кадр маселесин карайт. Эгер шек келтирсем, дагы бир ирет кечирим сурайм", — деди министр.
Ал ошондой эле аймактык бөлүнүүгө каршы экенин кошумчалаган.
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун митингге чыккан кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Саламаттыкты сактоо министрлигине барган митингчилердин талаптары. Тизме
Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Алымкадыр Бейшеналиев жыйында спирт ичимдигин ичкенби? Министрликтин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0