Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын Донецк менен Луганскини таанышы: учурда абал кандай

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКишилер ДНР желектерин илип жатат
Кишилер ДНР желектерин илип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Буга чейин Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) жана Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) башчылары Россия президентине алардын суверендүүлүгүн таанууну суранып кайрылган эле.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 22-февралга караган түнү Россия президенти Владимир Путин элге кайрылуу жасап, Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын тааный тургандыгын билдирди.
Путин атайын жарлыкка кол коюп, Россия мындай кадамга Украинанын аймактык бүтүндүгүн сакташ үчүн барганын билдирди.
Буга чейин Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) жана Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) башчылары Россия президентине алардын суверендүүлүгүн таанууну суранып кайрылган эле.
Учурдагы абал тууралуу эң маанилүү жагдайларды сунуштайбыз:
Владимир Путин Россия аскерлерине ДЭР менен ЛЭРде тынчтык жана коопсуздукту камсыздоону тапшырды. Республикалар менен дипломатиялык мамилелер түзүлөт;
Донецк менен Луганскиде Россиянын чечимин кубануу менен кабыл алышты;
АКШ Донецк жана Луганск менен болгон бизнеске тыюу салды. Бүгүн жаңы санкциялар күтүлүп жатат;
АКШ президенти Жо Байден бул эки республиканын таанылышы Американын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтты;
Мамлекеттик Дума Донбасс боюнча бардык санкцияларга даяр экенин билдирди;
Кытай Украина кризисинин тегерегиндеги маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар тараптарды диалогго чакырды;
Франциянын БУУдагы туруктуу өкүлү Николя де Ривьер Россия Донецк менен Луганскиге карата чечимин кайра карап чыгышы керек деген пикирде;
Украина Россиядан Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таануу чечимин жокко чыгарып, Донбасс боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуусун талап кылууда;
Украинанын чыгышындагы тиреш менен аймактагы коопсуздукту сактап калуунун бирден-бир жолу тараптардын диалогго баруусу экенин БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари ДиКарло билдирди;
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя эмне себептен РФ Донецк менен Луганскиге карата мындай чечим кабыл алганын түшүндүрдү. Анын айтымында, Донбасс Украинанын аскер авантюрасына кабыларына Россиянын көзү жетти. Андыктан 2014-2015-жылдагы окуялар кайталанышын каалабайт.
Украина жана НАТО желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Эми биз ошентебиз". Путин НАТОго жооп кылган чаралар тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0