Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донецк жана Луганскини Мамлекеттик Дума тааныйбы? Депутаттын пикири

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын Мамлекеттик Думасынын имараты. Архив
Россиянын Мамлекеттик Думасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
"Украина мамлекет башчысы азыр эч нерсе чечпей, анын ордуна Улуу Британия жана АКШдагы кураторлору тескейт. Анткени өлкө иш жүзүндө тышкы башкарууда калды", – дейт россиялык парламентарий Артем Туров.
РФ Мамлекеттик Думасынын КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин мүчөсү Артем Туров Sputnik агенттигинин Youtube каналына Донбасстагы кырдаал боюнча россиялык парламенттин пикири тууралуу ой бөлүшкөн.
Донецк, Луганск эл республикаларын таануу демилгесин Россия парламенти бир ай мурун, былтыр же кырдаал катуу чыңалып турган 2014-жылы эмес, дал азыр көтөрүп турганы жөн жерден эмес. Кыргын дале уланууда деп эсептейт РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Артем Туров.
"Кылдат иштелип чыгып, көпкө созулуп барып кабыл алынган Минск механизмин ишке ашыруу үчүн расмий Киев 2015-жылдан бери жарытарлык деле кадамга барган жок. Тынчтыкка, Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаалды турукташуусуна алып келүүгө шарт түзгөн пунктулардын дээрлик эч бири аткарылган жок. Киев кол шилтеп гана койду. Ал эми акыркы кезде чектешкен чийиндерде сокку уруучу топ түптөлгөн. Ар кыл маалыматтар боюнча, ал 100 миңден ашуун кишиден куралган. Бул Украина армиясынын дээрлик жарымын түзөт. Эмне үчүн?" – деп суроо салат россиялык саясатчы.
Мамдуманын өкүлү чектешкен чийиндеги бул контингент Улуу Британия жана Кошмо Штаттардын көмөгү менен тишине чейин куралданганын белгилейт. Анын көз карашында Зеленскийдин соңку билдирүүлөрү да Киев Донбасс менен маселесин күч менен чечүүгө ниеткер экенин каңкуулап, учурда Луганск жана Донецкидеги окуялар да ушуну даана тастыктоодо.
"Кайсы жана кандай калибрдеги ок атылып жатканын көрүп турабыз. Минск келишими бузулду. Бул биринчи жолкусу эле эмес. Ошол себептен апаатка, кыргынга жол бербөө, ал жакта жашаган жарандарды коргоо үчүн Мамлекеттик Дума РФ лидерине ушундай өтүнүч жолдоду", – деп түшүндүрдү Туров. Парламентарий Россия дайым маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү, Минск макулдашууларын аткарууну жактап келгенин да эскертти.
Бирок Киев тараптан Луганск жана Донецк эл республикаларынын түзмө-түз байланышып, маселени так чечкиси жок. Болбосо келишимге кол коюп, тынч жөнгө салуу алкагында эл аралык деңгээлде юридикалык жактан таанылган дал ушул тараптар экени бышык.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таанымай болду
Артем Туровдун пикиринде, Украина жетекчилиги азыр эч нерсе чечпейт. Аларды Улуу Британия жана АКШдагы кураторлору тескейт. Анткени өлкө иш жүзүндө тышкы башкарууда калды. Буга Россиянын Украинага кол сала турган күнүн Батыш улам атап, ал эми Зеленский андай эмес экенине дүйнөнү ынандырууга далбастап калганы деле далил чыгар.
"Ошондуктан украиналык калк өлкө жетекчилиги менен кошо сырттан башкарылган кырдаалдын барымтасында калды", – деп эсептейт Туров. Өзүнүн жана партиясынын беделин жогорулатуу үчүн Зеленский тезинен кандайдыр бир кадамдарга барууга тийиш экенин да кошумчалайт.
"Чектешкен чийинде Киев тарабынан ок атылып жатканына күбө болуп, каттап да жатабыз. Социалдык инфраструктура кыйрап, жай тургундар набыт болууда. Биз үчүн эмне болуп жатканы айдан ачык", – деген саясатчы бир нече айдан бери кокус Донбасстагы кырдаал курчуп кете турган болсо, ушундай аракеттерге дал РФти айыптоо амалы болжонгонун белгилейт.
"Минск макулдашуусун жүзөгө ашыруу – эң негизги, эң майнаптуу механизм, – деп эсептейт РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты. – Киев бул багытта иш алпарбастыгын даана түшүнүп турабыз. Украинанын өнөктөштөрү да бул маселенин чечилишине кызыкдар эмес. Макулдашуулардын аткарылышын алар талап кылышы керек эле. Бирок Батыш РФти ооздуктоо үчүн Украинаны пайдаланып, Россиянын жоопкерчилик зонасында чыңалуу жаратууну көксөйт. Грузия Түштүк Осетияга кол салган 2008-жылдагы жагдай дале жадыбызда эмеспи. Ошондо Түштүк Осетия жана Абхазияны таануу гана жаңжалды токтото алган".
Владимир Зеленский жар салгандай, Украинанын өзөктүк куралсыз макамынан баш тартышына дүйнөлүк коомчулук жол бербестигин боолголойт Туров. Анткени акыркы жыйырма жыл аралыгында Украинада туруктуулук байкалган жок. Бийлик, өнүгүү векторундагы абал улам алмашып, мамлекеттик органдар, дипломатия деградацияга кабылды. Ушул жагдайларды сөзсүз эске алуу менен чечим кабыл алуу кажет экенин баса белгилейт россиялык парламентарий.
"Дүйнө коомчулугу ага жол бербейт. Булардын Лондон, Вашингтондогу жетекчилери учурда ким менен байланышып алганын түшүнүп калышты.
Антпесе кесепети бир аймакка гана тургай, бүтүндөй континентке тийип калышы ыктымал. Ал эми Россия жана АКШ лидерлери катыша турган саммитте биз тарапка кулак салынышы кыйла маанилүү", – дейт депутат. "Коопсуздук кепилдиктери боюнча документтер тек гана Россияга эмес, европалык өлкөлөргө, жалпы Батышка да зарыл. "Эки өлкө лидерлеринин ортосундагы диалог – өтө урунттуу кадам", – деп эсептейт Туров.
Украина жана НАТО желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Эми биз ошентебиз". Путин НАТОго жооп кылган чаралар тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0