Баткенге барган Акылбек Жапаров облустун артыкчылыктарын санады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАкылбек Жапаров министрлер кабинетинин Баткен шаарында өткөн көчмө жыйыны учурунда
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин Баткен шаарында өткөн көчмө жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Жапаров чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар куруларын айтты.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Транзиттик потенциал — Баткен облусунун негизги артыкчылыгы. Бул тууралуу Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин Баткен шаарында өткөн көчмө жыйынында билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө аймактагы инфраструктураны жана жолдорду жакшыртуу, жарандарды, анын ичинде чектеш аймактардагы тургундарды социалдык жактан камсыздоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү, инвестициялардын киришине шарттарды түзүү маселелери талкууланды.
Жапаров Баткен облусу стратегиялык аймак болуп саналарын айтты.
"Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Баткендин транспорттук коридорлору келечекте Баткен району үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн кызмат кылат, өнүгүүнүн коридорлору болот", — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, Баткен облусу Фергана өрөөнү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы транзиттик коридор боло алат.
"Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, "Эркеч-Там өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы ири аймактык соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, Лейлек эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт", — деди өкмөт башчы.
Жапаров мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо ишин жыйынтыктоо артыкчылыктуу багыт болуп саналарын айтып, чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар куруларын кошумчалаган.
Министрлер кабинетинин Баткен облусунда болуп жаткан көчмө жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
"Тарыхый жыйын". Баткенге министрлердин бардыгы барды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0