Бир суткада үч бейтап каза болду, 273 адам ооруканада. Коронавирус статистикасы

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Каза болгондордун экөө Бишкекте болсо, бирөө Ысык-Көлдө катталган. Жалпысынан 2 942 киши коронавирустун курмандыгы болду.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 32 адамдан коронавирус табылып, 165 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек — 23;
Ысык-Көл — 6;
Чүй — 2;
Ош облусу — 1.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 200 287ге жетти. Анын ичинен 193 957си ооруну жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери дарт үч адамдын өмүрүн алган. Каза болгондордун экөө Бишкекте болсо, бирөө Ысык-Көлдө катталган. Жалпысынан 2 942 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта 273 бейтап ооруканада дарыланып жатса, 1 543 киши медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда.
Спутник V вакцинасы менен шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Иммунолог: "Спутник V" алгандардын антителосу бир жылга чейин сакталат
Жаңылыктар түрмөгү
0