Иммунолог: "Спутник V" алгандардын антителосу бир жылга чейин сакталат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасы менен шприц. Архив
Спутник V вакцинасы менен шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Жазылуу
Дарыгер белгилегендей, организмде антитело жетиштүү болушу үчүн убагында эмделип, кошумча дозаны кечиктирбей алуу керек.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. "Спутник V" вакцинасын алгандардын антителосу бир жылга чейин сакталат. Бул тууралуу "Известияга" медицина илимдеринин кандидаты, иммунолог Николай Крючков айтып берди.
Анын айтымында, адам коронавирус менен ооруп айыккандан кийин же ага чейин вакцина алса жакшы иммунитет пайда болот. Бирок бул керектүү антителого жетүү үчүн ооруш керек дегенди билдирбейт. Жөн гана убагында вакцина алып жана аны кайталап сайдырууну улантуу керек.
Эгер адам коронавирус менен ар жарым жыл сайын ооруса ден соолугуна оор залакалар тийиши мүмкүн. Бирок табигый иммунитет да жаралышы ыктымал. Аны жогорулатуу үчүн эмдөөнүн курсун кечеңдетпөө керек.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
"Омикрон" жуктурган кош бойлуу аялдын көтөрүлгөн дене табы 8 кооптуулукту шарттайт
Жаңылыктар түрмөгү
0