"Бишкек жарык" ишканасы мамлекетке 27 млн. сомдон ашык зыян келтирген

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасын кызматкери. Архив
Бишкек жарык муниципалдык ишканасын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Жазылуу
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы мамлекетке 27 миллион 189 миң 678 сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, төрт кызматкерге кылмыш иши козголгон.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен тергөө иштери башталды.
Айыл Банк ААК. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Коррупцияга аралашкан. УКМК "Айыл Банктын" мурдагы кызматкерлерин кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0