00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адвокат: экс-депутат Абжалиевге каршы арызды уулунун өнөктөшү жазган

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат Алиярбек Абжалиев. Архив
Экс-депутат Алиярбек Абжалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Жазылуу
2018-жылы Токобеков менен Жармухамедов теңме-тең акча чыгарып, курулуш тармагындагы бизнести чогуу башташкан.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Экс-депутат Алиярбек Абжалиевге анын уулу Темирлан Токобековдун мурдагы бизнес өнөктөшү жазган арыздын негизинде иш козголду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине адвокат Жибек Ажибекова билдирди.
Анын айтымында, Абжалиевге каршы арызды Сухраб Жармухамедов аттуу жаран жазган.
Маалыматка караганда, 2018-жылы Токобеков менен Жармухамедов теңме-тең акча чыгарып, курулуш тармагында бизнести чогуу башташкан.
"Токобеков инвестиция салып түптөөчү гана болгон. Ал эми факт жүзүндө ишеним мамиленин негизинде бизнести Жармухамедов жүргүзгөн. Үч жыл аралыгында бир нече объект курулган. Бирок кийинчерээк депутаттын уулу бизнестен чыкмак болгон. Мындан улам Жармухамедов анын үлүшүн бөлүп төлөө жолу менен алууну сунуштаган. 2020-жылы тийиштүү келишим түзүлүп, нотариус менен бекитилген", — деди Ажибекова.
Адвокат белгилегендей, Токобеков 1,5 жылдан бери өзүнүн үлүшү үчүн акчаны ала албай келет. Ал маселе тынчтык жолу менен чечилерине ишенгендиктен укук коргоо органдарына кайрылбай жүргөнү айтылды.
"Токобеков менен Жармухамедовдун ортосундагы бизнес мыйзамдын чегинде көзөмөлдөнүп турган. Алардын ортосунда бирдиктүү бизнестеги үлүштү сатуу боюнча келишим түзүлгөн. Жармухамедовго карата коркутуу-үркүтүү болгон эмес. Абжалиев Жармухамедовдон эч кандай каражат алган эмес. Карызкор Жармухамедов жалган жалаа жабуу менен укук коргоо органдарына кайрылып, карызды төлөө милдетинен качкысы келип жатат", — деди жактоочу Ажибекова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-февралда, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевдин кармалганы айтылды. УКМКнын маалыматына караганда, укук коргоочуларга ишкер кайрылып, А.А. ЖКда депутат болуп турган кезде ага 2 миллион доллар зыян келтиргенин билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталганы кабарланган.
Кишенделген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
УКМК: Ош шаардык ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0