УКМК: Ош шаардык ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген аял. Архив
Кишенделген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда ишке тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо аракети жүрүп жатат.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. УКМК кызматкерлери Ош шаардык ооруларды алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын О. С. М. аттуу директорун кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Шектүү 9-февралда колго түшкөн. Тергөө учурунда директор кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин коррупциялык иштерге аралашканы аныкталганы айтылды.
"Ош шаардык ооруларды алдын алуу борбору жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын кызматкерлери өз пайдасы үчүн айрым ишкердик субъектилерди текшеришчү эмес", — деп айтылат маалыматта.
О. С. М. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда ишке тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо аракети жүрүп жатат.
Айыл Банк ААК. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Коррупцияга аралашкан. УКМК "Айыл Банктын" мурдагы кызматкерлерин кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0