Эки жашар бөбөктү сабады деген шектүү эркиндиктеби? ШИИБдин жообу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКармалган шектүү. Архивдик сүрөт
Кармалган шектүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар сабалган бөбөктүн атасымын деген кишинин видеосун жарыялашкан. Анда киши жубайлардын милицияга жазган арызына карабай, шектүү коё берилгендигин айткан.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Чүй облустук милициянын маалымат кызматы Сокулукта эки жашар бөбөктү сабаганга шектелип жаткан адамдын коё берилгендиги тууралуу маалыматты төгүндөдү.
Анын учурда убактылуу кармоочу жайда экени айтылды.

"Жакын арада сот анын баш коргоо чарасын тандайт", — деди милициядан.

Буга чейин айрым ЖМКлар сабалган бөбөктүн атасымын деген кишинин видеосун жарыялашкан. Анда киши жубайлардын милицияга жазган арызына карабай, шектүү коё берилгендигин айткан.
Эске салсак, 3-февраль күнү саат 21:30дар чамасында аймактык ооруканага денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган. Кийинчерээк милиция аталган кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси жергиликтүү тургундун малын карап иштечү. Буга чейин мал караган жубайлар жумуш берген адамга карыз болуп калышкан. Аялдын көрсөтмөсүнө ылайык, уулун аны менен чогуу жашаган киши сабаган. Тагыраагы, бул жубайларга жумуш берген жергиликтүү тургун. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Супермен пришел на помощь женщине, которую избивал муж, — ролик от Минздрава - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Зээнди кейитет! Атасынын таягынан энесин коргогон баланын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0