Кыргыз тамсилчилеринин көч башында. Мухтар Борбугулов тууралуу 10 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина который пишет на блокноте
Мужчина который пишет на блокноте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Мухтар Борбугулов — СССР Жазуучулар союзунун адабий сын боюнча сыйлыгын алган жалгыз кыргыз. Жазуучу, акын, сатирик, драматург, адабиятчы, сынчы, профессор, басма иштерин уюштуруучу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
Мухтар Борбугулов 1930-жылы 5-майда азыркы Жалал-Абад облусуна караган Сузак районунун тоо тарабындагы Кыз-Көл аймагындагы Каду суусунун боюнда жайгашкан Ак-Тоок айылында жарык дүйнөгө келген.
Балалыгы. Атасы Борбугул айыл-апага комузчу катары таанылган. Согуштун каарын тарткан Мухтар кыйынчылыктар менен балалыгын өткөрүп, билим алууга ынтызарлыгын өчүрбөй, окууга аябай аракет кылып жүрөт. Айылда, мектепте болгон китептерди бүт окуп чыгат, партиянын тарыхын, И.В.Сталиндин "Ленинизм маселелери" деген эмгегинин көп жерлерин жаттап да алат.
Бала эле бойдон студенттик күндөрүн өткөрөт. Кадрга таңкыс болуп турган билим берүү бөлүмү аны 14 жашында айылындагы мектепке мугалим кылып дайындайт да, ошол эле жылдарда Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында (педучилище) билим алат. Бул окуу жайы ал кезде жалпы эле республика боюнча педагогикалык кадрларды даярдап чыгарган чоң окуу жайы болгон. Мына ошол жерде чыгарма жазууга дилгирлиги артып, жазгандары Жалал-Абаддын гезиттерине басылат.
Көздөн учкан Фрунзе жана Москва. 1947-жылы Мугалимдер институтунда окуп жатып, 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун 2-курсуна которулган. Бул билим уясы өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн илим тармагына да, мамлекеттик кызматтарга да даярдап турган. Мухтар Борбугулов филология факультетиндеги мыкты бүтүрүүчүлөрдүн бири катары экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, 1952-жылы Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Максим Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасына окууга өтөт. Элеттик жигиттин бул ийгилиги өз кезегинде өзгөчө чоң окуя болгон.
Белгилүү прозаик, сатирик, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Кыргыз адабиятына жан үрөп иштесе да бааланбай келет. Касым Каимов жөнүндө 11 факт
Конкурста жеңип чыккан пьеса. Мухтар Борбугулов педагогикалык институттун филология факультетинде окуган мезгилде курсташтарынын көбү ыр, аңгеме жазчу. Ал ошолордон айырмаланып тамсил жана пьеса жазып жүрдү. Анан "Ак алтын усталары" аттуу пьеса жазып, анысын республикалык көп актылуу пьесалардын конкурсуна катыштырса, байгелүү орунга ээ болуп, бирге окугандарын таң калтырган жайы бар. 1950-жылы "Мелдеш", 1953-жылы "Бир үй-бүлө", 1958-жылы "Барпы" аттуу пьесалары жазылат. Мына ушул драматургиядагы практикалык иштери теориялык жактан да бекемделип, 1957-жылы "Кыргыз драматургиясы" деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Бул адабият таануу багытындагы кыргыз окумуштууларынын ичинен эң биринчи Москвада орус тилинде жазылган жана коргологон илимий иш болгон. Кийин ал "Ким көрүптүр мындайды", "Тойтош чоң эне жана спутник", "Азган кыз" ж.б. пьесаларын жазган, алардын айрымдары комедия болсо, айрымдары драма эле. 
Москва анын атактуу адабиятчы болушуна шарт түзгөн. Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Максим Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуу: биринчиден, аны орус тилинде адабий изилдөөлөрдү жаза билүүгө көнүктүрсө; экинчиден, адабиятчылар менен жеке байланыштарын камсыз кылган. Ошол кездеги көп улуттуу улуу державанын эң эле атактуу делген партиялык "Правда" гезитинен тартып, адабий-көркөм "Литературная газета", "Вопросы литературы", "Дружба народов", "Литературная учеба" ж.б. басылмаларга макалалары жарыяланып турган. "Цель – художественное исследование действительности" ("Вопросы литературы", 1971, №9), "От "Манаса" к Толстому", "От идеализации – к исследованию" ("Дружба народов", 1972, №10) сыяктуу полемикалуу макалалары аны жалпы союздук адабий сынчылардын катарына кошкон. Бул жагынан ал кыргыз адабиятчыларынын алдыңкы сабында жүрдү. 1979-жылы Москванын "Советский писатель" басмасынан орус тилинде чыккан "Единство национального и интернационального" деген китеби СССР жазуучулар союзунун адабий сын боюнча лауреаттыгына көрсөтүлүп, аны жеңип алган. Бул автор мындай сыйлыкка ээ болгон жалгыз кыргыз адабиятчысы бойдон тарыхта калды. Ал адабият илиминин теоретиги катары, улуттук адабиятты изилдөөчү катары, жандуу адабий процессти талдоочу катары "Кыргыз совет драматургиясынын өсүү жолу" (1958), "Пути развития киргизской советской драматургии" (1958), "Турмуштун тереңин көздөй" (1963), "Учу-кыйырсыз жол" (1968), "Кенч капкасын ачып..." (1975), "Адабият теориясы" (1996) деген мааниси терең, эстетикалык табитти тарбиялоочу эмгектерин жазган жана ал китептер студенттердин, мугалимдердин колунан түшпөгөн китептерге айланган.
Илимдин эң жаш доктору жана профессору. 1957-жылы Москвадан кандидаттыгын жактап келген соң "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болуп бир аз иштейт да, андан Кыргыз мамлекеттик университетине доценттик орунга которулат. 1964-1966-жылдарда Казак ССРинин илимдер академиясынын докторантурасында окуп, 1966-жылы адабият илими боюнча кыргыздардан эң биринчи болуп доктордук диссертациясын коргоп чыгып, 1967-жылы профессорлук наамга жетишет.
Акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Чекисттерди четинен жумшарткан. Аман Токтогулов тууралуу кызыктуу 11 факт
Улуттук университетте эң көп жыл иштеген жана бир катар кафедраларды ачкан. Мухтар Борбугулов 1957-жылы университетке ишке чакырылып, өзү иштеген мезгилде "Журналистика" (1969), "СССР элдеринин адабияты" (1979), "Манастаануу" дегендей жаңы кафедраларды негиздеп, алардын окуу жүгүн аныктап, окуу планын, программаларын түзгөн, кадрлар менен камсыздаган. 45 жыл педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенип, анын 1957-жылдан 1988-жылга чейинки 31 жылын башкы университетте өткөргөн, 60-80-жылдардагы адабиятчылардын, жазуучулардын көпчүлүгүн "Адабият теориясы" аттуу татаал сабактан дарс берген.
Тамсил жанрынын көч башында турууга акылуу. Борбугулов биринчи китеби 1955-жылы "Тамсилдер менен ырлар", экинчиси 1956-жылы "Тамсилдер" деген ат менен чыккан. Кийин 1960-жылы "Тамсилдер", 1963-жылы "Керегем, сага айтам", андан соң "Тандалган тамсилдер" (1973), "Тамсилдер" (1978), "Чычкандын тою" (1987) деген китептери жарыяланды. 1990-жылы "Ташкене" деген китебине 152 тамсил киргизилген. Мына ушул китептери кыргыз тамсилинин жаңы барактарын ачып, авторду дүйнөлүк классикалык тамсил жанрынын Эзоптон тартып Иван Крыловго чейинки салттарын уланткан жана кыргыз жомоктору менен макалдарын да чыгармачылык менен пайдаланган тамсилчи экендигин тастыктады. "Акын менен Чычкан", "Чычкан менен Күбө", "Чырак менен Кантала", "Жасакер менен Кой", "Балтек менен Ат", "Жазуучу менен Апенди", "Улук менен Тегирмен", "Түлкү менен Ит", "Ажал менен Бюрократ", "Аркан менен Сөз" ж.б. тамсилдеринде адам турмушун кайманалап жогорку көркөмдүктө бере алган.  Адабиятчы Каныбек Исаков мындай деп жазат: "Мухтар Борбугулов тамсил чыгармачылыгында XX кылымдын 50-80-жылдарында эмгектенди, андыктан да ал эң биринчи орунда ошол кезди – социализм учурун тема кылып алды. Анын чыгармаларынын башкы тематикасы жана каршы чыккан коомдук жана адам мүнөзүндөгү көрүнүштөрү булар болду: мамлекеттик мүлккө кол салгандар: алардын ичинде чарбалардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, эсепчилери (бухгалтерлери), кассирлери, кампачылары; уруу-уруу деп ураан чакыргандар; таанышчылык, жердешчилик, протекция сыяктуу кыргыз улутун артка тартып келе жаткан эскинин саркындылары; беш жылдык планды аткарууда коллективдерди артка тарткандар, б.а. социалисттик мелдеште артта калгандар; адамдардын жеке мүнөзүндөгү жана жүрүш-турушундагы советтик салтка жат көрүнүштөр: жалкоолук, жатып ичерлик, чагымчылык, ушакчылык, көз боёочулук ж.б. Автордун дагы бир баса белгилей турган жаңылыгы – ар жаныбарлардын биз билген мүнөздөрүнөн, көндүм бейнелерин көрсөтө берүүдөн качып, аларды жаңыча сапатта, башкача образда көрүүгө аракет кылгандыгында. Ошол эле кезде ал мурда тамсилдерге каарман боло элек жансыз предметтерди да ("Саат жана мүнөт", "Балдак", "Бузук саат", "Жүгөн", "Терезе" ж.б.) "сүйрөп келип", тамсилге "киргизип ийет".
Ачык китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Сүйүү аңгемесин аткаминерлер катып окушкан. Орозбек Айтымбетов жөнүндө 12 факт
Көрүнүктүү манастаануучу. Мухтар Борбугулов 1988-жылы Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору болуп шайланат. Ошол жерде ал 1993-жылга чейин иштейт. Дал ушул жылдарда "Манас" энциклопедиясынын 2 томдук фундаменталдуу эмгеги даярдалат, басмадан чыгарылат, бул эмгек Кыргыз Республикасынын илим, техника жагынан мамлекеттик сыйлыгын алууга татыктуу болот. 2004-жылы "Манас" эпосу: башаттары, эволюциясы" деген изилдөө китеби чыгып, анда эпостун сюжеттик, образдык, поэтикалык катмарындагы архаикалык белгилер салыштырма-типологиялык адабият таануунун, мифологиянын аспектисинен каралган.
Элди суусаткан жалгыз романы "Элеттик жигит". Ал прозанын чоң жанры романга кайрылып, "Элеттик жигит" деген чыгармасынын биринчи китебин 1965-жылы жарыялайт, ал эми экинчисин чыгарбай кармашат. Чыгарма орус тилине которулуп, "Джигит из глухого аила" деген ат менен 1967-жылы Москвадан басылат. Бул романдын кыргызчасы бир кыйла сынга алынып, китеп болуп чыгышына тоскоолдук жасалып, автордун жаңы замандын каармандарынын реалисттик образын көрсөтүү далалаты партиялык идеологдор тарабынан жактырылган эмес. Чыгарманы кадыры артып турган Чыңгыз Айтматов жакшы баалап, анын авторун "дасыккан романчы" деп атаган. Кайра куруунун желаргысы менен эки китеби бириктирилип, 1989-жылы гана кайра басылып, окурмандарынын энчисине айланды. Чыңгыз Айтматов анын азасына карата мындай деген: "Мухтар Борбугулов – ХХ кылымдагы улуттук адабиятыбыздын эң бир мыкты сынчысы, философу болчу. Бул биздин адабиятыбыз, маданиятыбыз үчүн чоң жоготуу. Ал адабияттын жаңыдан улуттук деңгээлде түзүлүп келе жатканына көңүл буруп, көп эмгек сиңирди. Олуттуу, билимдүү, мыкты замандаш эле".
Мухтар Борбугулов катуу оорунун айынан 2004-жылы арабыздан кетти.
Омор Султановдун 80 жылдыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Акындардын ырын совхоздун ак коюна окшотуп. Омор Султанов жөнүндө 12 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0