Кыргыз адабиятына жан үрөп иштесе да бааланбай келет. Касым Каимов жөнүндө 11 факт

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРБелгилүү прозаик, сатирик, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимов
Белгилүү прозаик, сатирик, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Белгилүү прозаик, сатирик, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимов өткөн кылымдын орто ченинде адабиятыбыздын "каалгасын каккылап кирген".
Адегенде шакабалуу, какшыктуу аңгемелери менен окурмандарга таанылып, кийин улуттук адабиятыбызда өз орду бар повесттерин, романдарын жазды. Баарынын да ал маданий-адабий басылмаларды чыгарууну уюштуруп, таланттуу адамдарды элге таанытууда, жаш жазуучуларды тарбиялоодо чоң эмгек сиңирди.
Биз бул жолу Касым Каимов тууралуу 11 факт сунуш кылабыз.
Таластын баш жагында туулган. Анын туулган айылы Арал деп аталат. Туулган жылы 1926-жыл, айы – 6-март. Демек, ал улуу согуштун каарын бир топ эле көрүп калды. Бул чөлкөмдө мурда-кийин Сүйүнбай Эралиев, Жакып Медетов, Медетбек Сейталиев сыяктуу адабиятыбыздын атактуу адамдары балалык күндөрүн кечирген.
Райондук газета аны жазууга көнүктүрүп, турмушту таанытууга көмөктөшкөн. 1942-жылы мектепти бүтүрөт. 1943-жылы Пржевальск педагогикалык институтуна кирет, бирок ооруп калып окуусун токтотууга мажбур болот. Ал убакта эр жигиттердин баары урушка кеткен, кадрлар, анын ичинде журналисттер жетишпейт, бул бала болсо анча-мынча ыр жазып, кабар жазып, очерк, фельетондору чыгып жүргөн. Ошолордун ичинде "Башкаруучу басаган, башкалары качаган" деген темадагы фельетону курч жазылганы менен сөзгө алынган, ошондуктан чоңдор дароо эле райондук газетага жооптуу катчы кылып отургузуп коюшат. Ушул кезде жазуу маданиятын кыйла тетик өздөштүрөт. 1945-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкек ш.) мугалимдер институтунун, 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин дипломдоруна ээ болот. 1949-1952-жылдарда Талас областтык "Лениндик туу" газетасында котормочулук ишке алынат. Бул орун да жазуучулуктун өзүнчө өнөрканасы болгон.
Жаш жазуучуну тааныткан алгачкы аңгемелери. 1953-жылы "Ала-Тоо" журналына "Теке сүзгөндө" аттуу сатиралык аңгемеси жарыяланган да, дароо эле жаш жазуучунун жылдызы өз чөйрөсүндө жана түштү. Ага удаа эле "Начальниктин кабагы", "Бөтөлкөдөгү киши" деген сыяктуу юморду чебер кынаптаган чакан аңгемелерин окурмандарга тартуулаган. Бул жылдарда кыргыз адабияты жаңыга умтулуп, дүйнөлүк классикалык адабияттын табылгаларын улуттук кыртышка алып келүүгө батыл умтулуп жаткан. Аталган аңгемелер тууралуу ал кездеги сатиралык адабияттын таанымал өкүлү Мидин Алыбаев, жаш сынчы Кеңешбек Асаналиев, "Бөтөлкөдөгү киши" жөнүндө медик-жазуучу Мидин Алиев жыйындарда мактоо сөздөрүн айтат. Анын чыгармаларында Совет учурунда советтик адамдарга анча мүнөздүү эмес дегендей бюрократтык, жемкорлук, аракечтик ж.б. терс сапаттар шылдыңга алынып, андай адамдар какшык менен "мууздалып" өтөт. Мына ушундай мактоо сөздөрдү угуп жаткан кезинде 1955-жылы алгачкы кара сөз жыйнагы "Соңку жолугушуу" деген ат менен басылып чыгат. Бул жыйнак адабий коомчулук тарабынан дурус кабыл алынат, калемгердин өз стилин издеп жаткандыгын, жаңы сөз айтууга дарамети бар экендигин далилдейт.
Кубатбек Жусубалиев Далай Лама менен. 2015-жыл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт
Атактуу редактор. Касым Каимовдун көп убактысын алган да, айтпай журтка атын тааныткан да жумуштары редакторлук болду. Бул кишидей сыпайы, сөз кунун билген, жакшы чыгарма менен жаман чыгарманы айырмалай алган, мыкты чыгарманы жарыялоого жан үрөп аракет кылган башка бир да кыргыз редактор болгон эместир. Тоталитардык доордун азабын бул киши редактор катары да аябай тартты, жакшы чыгармаларды басып ийип, ошол басып ийгени үчүн жеме угуп, пленумдарда жана партиялык жыйындарда ордунан тургузулуп, үйүнө жетип, кочуштап дары ичип жүрдү. Ал балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Жаш ленинчи" журналында бөлүм башчы жана "Кыргызстан пионери" газетасында редактор болуп иштеп турганда (1953-1956) кийин 60-70-жылдардагы кыргыз адабиятынын өзөгүн түзчү мыкты өкүлдөрүнүн чыгармаларын басты, эки басылмасынын нускасын жана популярдуулугун мурда болуп көрбөгөндөй даражага жеткирди. Анан аны Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети саясий-сатиралык "Чалкан" (1956-1959), адабий-көркөм "Ала-Тоо" журналдарына (1959-1963), "Кыргыз фильм" киностудиясына (1963-1968) башкы редактор болуп иштеп берүүгө жиберди. 60-жылдардагы адабияттын жана көркөм өнөрдүн өнүгүшү жума сайын чыгуучу басылманы талап кылганда Кыргызстан Жазуучулар союзу менен Кыргыз ССР Маданият министрлигинин органы катары "Кыргызстан маданияты" апталыгы негизделип, анын башкы редакторлугуна Касым Каимов бекитилип, биринчи санын 1967-жылдын 1-январында чыгарат. Адабият таануу, адабий сын, кино, театр, сүрөт, музыка, тил, көркөм адабият ж.б. көп тармактарды камтыгын бул басылма чыныгы элдик газетага айланып, тез эле нускасы өсүп, элдин сүйүктүү жумалыгына айланат. Ал жерде 1973-жылга чейин эмгектенет. Мына ошол өлчөөсүз чоң иштердин уюштуруучусу да, кара жумуштарын аткаруучусу да, жогору жактын мактоосун да, жемесин да угуп турганы да ушул адам болгон. Деги анын редакторлук ишмердүүлүгү чоң сөз кылууну күтөт.
Жаш жазуучуларды тарбиялоого өзгөчө маани берген. Бул тууралуу жазуучу, киносценарист Мурза Гапаровдун мындай деп айтканы бар: "Чала бүткөн сценарийимди көтөрө келдим да, "Кыргыз фильм" киностудиясына бардым. Касыке – Касым Каимов баш редактор экен. Ошого кирдим. Өзүмдү түшүндүрдүм. Ал киши мени анча деле жакшы тааныбайт эле. Москвадан келдим, дипломдук ишим бар, таанышып көрбөйсүзбү дедим. Келе деди. Бердим. Үйгө барып окуп келем деди. Өтө так киши болчу. Ой-бо-ой! Ошо түнү окуп келиптир. Эртеси чакыртып атпайбы. Келсем, отур муерге деди. Башка унчуккан жок. Анан бир келишимди алып өзү толтуруп кирди. Баш редактор өзү толтуруп атат. Кол койду. Кол кой деди. Койдум. Жүрү деди. Түз эле киностудиянын деректирине алып кирди. Кокеев деген болчу. "Мынабу Мурза Гапаров деген болот, - деди Касыке. - Сценарий алып келиптир, абдан жакшы экен, мен кабыл алдым, 25 пайыз гонорарын төлөтүп бериңиз", - деди. Ушундай киши болчу. Деректир кыйшаңдай баштады, акчабыз жок, а-бу деп. Кийин алар деп. Сценарийди коллегияда талкуулабайсыңарбы деди. "Мен кол коюп койдум. Талкууланды деп биле бериңиз", - деди Касыке. Ушундай киши болчу. Мындай чечкиндүүлүктү бир да советтик кыргыздан жолуктурган жокмун. Кийин уксам, ошол учурда бийликтен ыдык жеп жүрүптүр. Арыз жазышканбы, айтор, текшерип, коргоол да таба алышпаптыр. Өзүн-өзү актап, түкүрүп туруп, "Кыргызстан маданиятына" баш редактор болуп кетти. Өтө мырза, өтө сыпайы-сылык киши болчу. Бир сөз менен айтканда, канча акчабыз бар деди деректирге. Болгонун бериңиз, сценарийин бышыктаганы Памирге баратат деди. Деректир 100 сом жетеби дейт. Жетет дедим". Мына ушундай камкордугун Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын секретары (1973-1978), ошол союздун Талас облусу боюнча адабий консультанты (1978-1987) болуп иштеп турганда да далай-далай жаш жазуучуларга көрсөтүп келгендиги да анын адамдык насилинин бийиктиги болгонун айта кетүүгө тийишпиз.
Константин Юдахиндин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2020
Кыргыздын салт-санаасын жайылтты деп жектеп... Константин Юдахин тууралуу 10 факты
"Омор агай". Касым Каимов көп аңгемелерди жазды. Аларда өз мезгилинин духун, типтүү каармандарын көрүүгө болот. Мисалы, "Омор агай" аттуу аңгемесинде адегенде айылга башкача бир адам келет. Ал "жаңыча сүйлөгөн", "жаңыча кийинген" инсан катары кадыр-баркка алынып, эл-журт аны ызаат-урмат менен "агай", "Омор агай" деп алышат. Бул жаңы агай сабак окута баштаганда молдолордон да күчтүү экендигин байкайт. "Жазы маңдайы ачык, аркасына кайрылган чачы жылтылдаган", "сакал, муруту таптаза кырылган" Омор агай тамгага тамганы, сөзгө сөздү урунуштурууну үйрөтүп, балдарга каалаган "окуунун сырын" ачып берет. Омор агай – башталгыч класстын мугалими. Ал балдардын психологиясын, кызыгууларын жакшы билет, эски окуудагыдай уруп жаттатпайт, 6-7 жашар балдардын курак өзгөчөлүгүнө ылайык мамиле кылат. Мезгил жетип кийин ал пенсияга чыгат, бирок үйдө жатып албай дагы эле 1-класстарды окутуп аткан болот. Турмуштагы билинбеген адамдын өз ишене кылган олуттуу мамилеси, кашыктап жыйган зоболосу башкалар тарабынан канчалык бааланарын көрсөтүү – аңгеменин башкы максаты. Жазуучу "Кыргызстан пионери" газетасында, "Жаш ленинчи" журналында иштеп туруп, мектеп, балдар тууралуу мыкты аңгемелерди, повесттерди жазган. Ал сөздү орду-ордуна койгон, сөз менен сүрөт тарткан, адамдардын бейнесин элестүү ачып бере алган жазуучу экендиги ушул аңгемесинен да таасын көрүнөт.
Мектеп программасына кирген "Анарбайдын көпүрөсү". Бул чыгарма 1970-жылдары басма сөзгө жарыяланган. Жарыяланары менен адабий сында жогору бааланган. Орус, англис, немец, француз тилдерине которулган. Бир убакта өрөөндүн бир тарабын Кызылбаш болуш, бир тарабын Карабаш болуш бийлеп, алар өмүр бою касташты, чабышты, далай эр өлүп, далайы майып болот. Эрегишкен тараптар бир жакты чаап келип, качып өз жагына өткөн соң солкулдак көпүрөнү бери жээкке тартып коёр эле. Аңгеме карама-каршылыктардан турат: биринчи карама-каршылык өйүз менен мүйүздүн, ошол дарыянын эки жагын байырлаган Кызылбаш болуштун эли менен Карабаш болуштун элинин карама-каршылыгы; экинчиси – эски болуштук менен жаңы болуштуктун карама-каршылыгы; үчүнчүсү – эски көпүрөнү куруудагы ыкмалар менен жаңы көпүрөнү куруудагы ыкмалардын карама-каршылыктары; төртүнчүсү – кол менен аткарылган жумуштар менен техниканын жардамы менен аткарылган жумуштардын карама-каршылыгы; бешинчиси – көз караштардын карама-каршылыгы. Мына ошол адамдар өздөрү бири-бирине көрсөткөн азаптан жаңы болуш болгон Анарбай көпүрө салуу менен куткарды. Бирок табияттын кырсыктары, ар кандай сел, кыян жүргөн катаал учурлар ал көпүрөлөрдү агызып кетип, улам жаңы көпүрөлөр курулду. Акыры жаңыча – жыгач, мык колдонулбаган, жалаң темир, бетон менен курулган көпүрө салынып жатты. Эми Анарбай техниканын күчүнө ыраазы болду, куруучуларга козусун союп, кымызын берип сыйлады. "Эски көпүрөсүн суу алып кеткен Анарбайдын тагдыры бир караганда мурдатан эле тааныштай байкалат. Бирок аңгеменин ички кыймылынан, акценттердин коюлушунан улам маселе мында жалаң гана эски көпүрө, жаңы көпүрө жөнүндө эмес, сөз адам турмушундагы жакшы салттардын, ата мурастын уланышы, жаңыртылышы жөнүндө баратканы айкын болот. Көпүрө – бул анчейин гана эки айылды байланыштырып, бириктирип турган катнашуу жолу эмес, ал баарынан мурда ата мурастан келаткан сонун өнөкөт. Көпүрө бул эски каада менен жаңы турмуштук негиздерде өнүгүп-өөрчүп жаткан жаңы салттардын биригишин, уланышын символдоштурган образ катарында кабыл алынат. Тураттын жаңы көпүрөсү, бул инженерлик ойдун ишке ашышы гана эмес, ал баарынан мурда Анарбайдын салтынын түздөн-түз уланышы, анын жаңы сапатка көтөрүлүшү. Аңгеменин көркөмдүк маңызы дал ушунда деп ойлойбуз", — деп жазат адабиятчы Кеңешбек Асаналиев.
Теодор Герцендин Манастын төрөлүшү аттуу иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Манастын төрөлүшү: окурманды жипсиз байлаган жети факт
Чебер кара сөзчү. Касым Каимов "Адашуу" (1957), "Мектеп жолунда" (1958), "Талаа жылдызы" (1964), "Бирине-бири окшобогон күндөр" (1968), "Кыш ыргактары" (1973), "Белгилүү эркек" (1975), "Жигит баратат" (1975), "Ийри жылан" (1978) деген китептерин биринин артынан бирин жазып окурмандарына тартуулады. Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эрте жетилген балалык, элет турмушунун күңүрт элеси, трагедиялуу инсандардын тагдыр-таржымалы "Бирине-бири окшобогон күндөр" повестинде өтө таамай тартылат. "Кыш ыргактары" повестинде шаарга качпай, тоого барып бир короо кой алып, турмуштун, өзгөчө кыргыз кышынын оор учурларын өз көзү менен көргөн жаш чабандын үй-бүлөлүк (Апсамат менен Шакин) кыйынчылыктары реалисттик нотада чагылдырылат. "Белгилүү эркекте" Бокен деген кишинин жаш кези менен улгайган чагы салыштырылып, турмушта анчалык элес алынбаган адамдын бейнеси реалисттик да, юмордук да боёктор менен ачылат.
"Атай" – биографиялык роман. Белгилүү ырчы жана комузчу Атай Огомбаевдин балалык күндөрүнөн тартып, өмүрүнүн акырына чейинки окуяларды кызыктуу жана жандуу кылып сүрөттөп, өнөр адамынын ички дүйнөсүн, триумфун жана трагедиясын ишенимдүү көрсөткөн "Атай" романын жазууга көп жылдарын коротуп, материал издеп жана текст менен иштеп, акыры 1961-жылы жазып бүтөт жана басмадан чыгарат. Бул чыгарма жеке эле Атайдын образын ачуу менен чектелбейт, анда Талас жеринин кооздугун, көптөгөн өнөр адамдарынын коомдогу ордун көрөбүз. Роман кыргызча 1961, 1969, 1979-жылдарда айрым толуктоолор менен кайра-кайра басылат, Москвадан орус тилинде "Советский писатель" аттуу атактуу басмадан чыгат, казакчага которулуп, ал китеби 1973-жылы Алма-Атадан "Жазушы" басмасынан басылат.
Социализмдин кыйрашын көрө билгендей. Жазуучу өткөн кылымдын 80-жылдарында "Аялдык самаганы", "Алар кутулушпайт", "Тутка" деген аңгеме-повесттерин, "Акырын күтпө" романын жазды. Мында өтө курч социалдык, адеп-ыймандык, алардын ичинде адамдын рухий кыйроосу, кылмыштуулук, аракечтик проблемалары көтөрүлөт да коомдун ичтен ирип жатканы эскертилет.
Чыгармалары башка тилдерге которулган. Касым Каимовдун орус тилинде "Ночь на перевале" (1958), "Крылатые друзья" (1961), "Атай" (1968), "Маршруты дружбы" (1970), "Степная звезда" (1972), "Зимные мотивы" (1977), "Жажда" (1985) деген китептери чыкты. 1989-жылы 13-июлда 63 жашында Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан жана анын ысымы Талас районундагы мектепке ыйгарылган.
Майрамкан Абылкасымова с мужем и дочерью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазуучуларга жапырт ат коюп. Акын Майрамкан Абылкасымова жөнүндө 11 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0