Аскердик робот-иттер АКШнын чек арасын кайтармакчы. Видео, сүрөт

© AFP / Dave Kotinsky / GETTY IMAGES NORTH AMERICAРобот ит. Иллюстративдик сүрөт
Робот ит. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Робот ит. Иллюстративдик сүрөт
Жазылуу
Авторлор темир кызматкерлерге согуш талаасындагы колдонулуп келген жасалма акыл салышкан. Аскердик дрон, башка дагы заманбап жабдуулар менен катарлаша иштей аларын айтып беришкен.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Американын түштүк-батыш тарабындагы чек ара жакынкы мезгилден кийин роботтор күзөткөн аймакка айланышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук боюнча (DHS) министрлигинен кабарлаган.
DHS бул жерлерге автономдуу робот-иттерди жайгаштырууну караштырып жатканы маалым болду. Аларды DHS өнөктөшү болгон Ghost Robotics компаниясы менен биргеликте өзүнүн изилдөө жана ойлоп чыгуу боюнча бөлүмүндө жасашкан. Анда АКШнын бажы жана чек араны коргоо кызматына (CBP) аталган техниканы долбоорлоп берүү максаты коюлганы жазылган.
Ghost Robotics компаниясынын продукциялар боюнча Гэвин Кеннелли робот-иттерди кайгуул үчүн жасап жаткандыктарын да кошумчалаган.
"Булар абдан чыдамдуу жана бышык келишет. Кумдуу дөбөлөрдү, таштуу аскаларды, тоолуу жерлерди, андан сырткары тепкичтерди тоскоолдуксуз, оңой эле басып өтө алышат", — деген ал.
Роботтун салмагы 45 килограмм. Авторлор ага согуш талаасындагы колдонулуп келген жасалма акыл салышкан. Аскердик дрон, башка дагы заманбап жабдуулар менен катарлаша иштей алат.
Чек арачыларга кумдуу жерлерди мээ кайнаткан ысык коштогон нымдуу абада көп басууга туура келет. Андан сырткары адам саткан, контрабанда менен алектенген жана качып жүргөн кылмышкерлер менен бетме-бет келген учурлар абдан көп. Авторлор дал ушундай кооптуу мезгилдерде робот-иттер жакшы кызмат кылып берерин айтышкан.
В Китае создали самого большого бионического робота-яка — что он умеет. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Кадимкидей чуркайт, секирет, капталдайт. Кытайдагы топоз-роботтун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0