00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Альтернативная энергетика: зачем школам Кыргызстана собственные солнечные электростанции
18:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Алтындын баасы өсүүдө: баалуу металл өлкөнүн экономикасына кандай таасир этет?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Что изменилось в законодательстве об алиментах и как защитить интересы ребёнка - советы юриста
20:06
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууда эл аралык тажрыйбанын орду
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдө мектеп курулушунан 3 млн. сом "жешкен". Шектүүлөр кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКишенчен адамдар. Архив
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Чолпон айылындагы Калиев атындагы 225 орундуу орто мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилген.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектептин курулушу боюнча коррупциялык иштерге шектелип кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Чолпон айылындагы Калиев атындагы 225 орундуу орто мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилген. Куруу иштери боюнча облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы менен "А.С." жана "Т.К." ЖЧКларынын ортосунда 62 миллион 296 миң сомдук келишим түзүлгөн.
"Облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары подрядчылар менен алдын ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына айрым жумуштардын наркын жогорулатылган баада жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкен. Жыйынтыгында 3 миллион 224 миң 493 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды", — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 210 ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 346-беренелери ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
33 млн. сомдук зыян. УКМК "Кыргыз жылуулук энергодогу" коррупцияны аныктады
Жаңылыктар түрмөгү
0