Баткенде 500 кВт кубаттуулуктагы электр линиясынын курулушу башталды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Киров суу сактагычында да "Бала-Саруу" кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатканы айтылды.
БАТКЕН, 29-янв. — Sputnik. Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВт болгон электр линиясынын курулушу башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинети өлкөдө энергетика тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Билдирмеге караганда, "Муз-Төр" чек ара заставасы электр энергиясы менен камсыздалып, "Баткен облусунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" сыяктуу орчундуу долбоорлор жыйынтыкталган.
"Баткен облусунун аймагындагы жерлерди алуу маселелери да чечилип, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВт болгон электр линиясынын курулушу башталды. Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинети аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлгөнүн кошумчалады.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жаңы жылдан баштап айрымдар электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0