Кыргызстан малдын ич этин Египеттен Гонконгго чейин экспорттоду

© Sputnik / Табылды КадырбековБазарда эт сатуу. Архивдик сүрөт
Базарда эт сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Өлкө узаган жылы малдын ичеги-карынын төрт мамлекетке саткан. Жалпы көлөм 900 миң долларга жакын бааланды.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан өткөн жылдын 11 айында малдын 1 071 тонна ичеги-карынын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Мекеме "малдын ичеги-карыны" товардык номенклатура боюнча маалымат берген. Анда товардын жалпы көлөмү 890 миң долларга бааланган.
Кыргызстандан ич эт алган мамлекеттер:
1.
Гонконг — 556 тонна;
2.
Вьетнам — 336,4;
3.
Түркия — 140,6;
4.
Египет — 37,9.
2020-жылы январдан ноябрга чейин 853,4 миң долларга 1 176,1 тонна ичеги-карын сатылган. Ал убакта Грузия менен Мьянмага көп жөнөтүлгөн, сатып алуучулардын арасында Египет жок болчу.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Марат Асыпбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Радио
Асыпбеков: былтыр 1,01 млн. тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду
Жаңылыктар түрмөгү
0