Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асыпбеков: былтыр 1,01 млн. тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду

© Sputnik / Асель СыдыковаӨсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Марат Асыпбеков
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Марат Асыпбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Марат Асыпбеков карантиндик продукциянын негизги экспорттук көлөмүн картошка, капуста, сабиз, төө буурчак түзөрүн айтты.
2020-жылга салыштырмалуу өткөн жылы айыл чарба продукциясы 293 миң 755 тоннага көп экспорттолду. Бул тууралуу Марат Асыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Асыпбеков: былтыр 1,01 млн. тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду
Анын айтымында, карантиндик продукциянын негизги экспорттук көлөмүн картошка, капуста, сабиз, төө буурчак түзөт.
"Ар бир өлкөнүн карантиндик зыяндуу организмдер тизмеги болот. Ага байланыштуу мөмө-жемиш, жашылчаларды ташууда эрежеге ылайык санитардык чаралар көрүлөт. ЕАЭБге киргендиктен беш өлкөдө бирдиктүү карантиндик зыяндуу организмдердин тизмеги каралган. Былтыр карантинге алынган 1,01 миллион тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 293 миң 755 тоннага көп дегенди түшүндүрөт. Экспорттолгон продукциянын көбүн жашылча түзөт. Алсак, Россияга 636,4 миң тонна, Казакстанга 22,4 миң тонна жашылча жөнөтүлгөн", — деди Асыпбеков.
Ошондой эле адис департамент өсүмдүктөр карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу орган катары Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини эл аралык конвенциясынын ишине катышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0