Изделип жаткан 69 жаштагы аялдын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРЧоң Чүй каналы
Чоң Чүй каналы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Эске салсак, А.А. атуу аял 23-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ошондон бери аны издеп жатышкан.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Мурас-Ордо конушунун изделип жаткан 69 жаштагы тургунунун сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Эске салсак, А.А. атуу аял 23-январь күнү аталган конуштагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 24-январда аялдын кийимдери Калыс-Ордо конушунда Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн алдынан табылган. Аны милиция менен куткаруучулар издеп жаткан.
“Бүгүн жеринде төрт куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада аялдын сөөгүн суудан табышты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруучулар сөөктү чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.
Бишкек шаарындагы  Ала-Арча дарыясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Бүгүн Бишкектеги кудуктардын биринен кишинин сөөгү табылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0