Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадыралиев: Кыргызстанда туристтерди кызыктыра турган тарыхый жайлар аз

© Sputnik / Асылбек БактыбековТуризм боюнча серепчи Күлчоро Кадыралиев
Туризм боюнча серепчи Күлчоро Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Туризм боюнча серепчи Күлчоро Кадыралиев өлкө туризминдеги көйгөйлөр, аны чечүү жолдору тууралуу айтып берди.
Туризм — бул биринчи кезекте эки адамдын, эки мамлекеттин байланышуусу. Андыктан аталган сферанын өнүгүшү үчүн алгач өлкөдөгү саясий туруктуулук маанилүү. Экинчиден, инфраструктура, туристтик ишканалар мыкты болушу абзел. Андан кийин эле адамды тарта турган нерсе — жогорку сапат. Бул тууралуу Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кадыралиев: Кыргызстанда туристтерди кызыктыра турган тарыхый жайлар аз
Анын айтымында, Кыргызстанда туристтерди кызыктыра турган тарыхый жайлар абдан аз.
"Тилекке каршы, өлкөдө болгон үч революция мамлекеттин рейтингин түшүрүп жиберди. Туризм сферасынын өнүгүшү үчүн Конституцияга ылайык, бийлик беш жылда алмашышы керек болсо беш жылдан кийин гана шайланып, саясий туруктуулук болушу шарт. Биз вертикалдуу эмес, горизонталдык көз караш менен иш кылышыбыз керек. Башкача айтканда, мисалы, "башчылар коомдун көйгөйүн чечкен адам, ал эми андан ылдыйкы кызматкерлер туризм же жеңил өнөр жай тармагынын адистери, баары тең бирдей, бирок ар биринин миссиясы ар кандай" деген түшүнүк болушу зарыл. Бул система Скандинавия өлкөлөрүндө өнүккөн. Өзүңүздөр байкагандай губернатор, президент, керек болсо, королунун да велосипед тээп жүргөнү кадыресе эле көрүнүш. Ошондой эле биздеги адистер экономикасы, туризми алдыга кеткен өлкөлөргө барып тажрыйба алып келиши абзел. Ал эми инфраструктурага келсек, жолдор начар. Туризм жаатында спецификалык орду бар ажатканалардын абалы жана жетишсиздиги да өлкөнүн чоң кемчилиги. Бул көйгөй бир нече ирет көтөрүлүп, долбоорлор жазылганы менен алгылыктуу иштер боло элек. Андан тышкары, жаңы объектилер (кафе, ресторан, резорт ж.б.) да чет элдиктерди тартат. Калк арасында туристтер бул экономикага салым кошо турган, акча алып келе турган адамдар, аларга меймандостук көрсөтүлүшү керектиги тууралуу роликтер же кинолор жайылтылышы зарыл. Бул социалдык жоопкерчиликти өстүрөт", — деди Кадыралиев.
Ал маданияттуулукту жогорулатыш үчүн мектептерде билим берүү системасы жаңыртылып, окуучулар арасында ар кандай иш-чара, фестивалдар өткөрүлүп турушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0