586 адамдан COVID табылып, бир бейтап каза тапты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүБейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Вирус өлкөнүн бардык аймактарында табылган. Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү Бишкекте.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өткөн суткада 586 адамдан коронавирус аныкталып, 111 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирмеге караганда, ооругандардын көбү Бишкек шаарынан катталган.
Жуктургандар:
Бишкек – 435;
Ош шаары – 22;
Чүй облусу – 49;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 11;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу – 5.
Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 188 206га жетти. Анын ичинен 180 740 адам дартты жеңген. Бир сутка ичинде оору бир адамдын өмүрүн алып, жалпысынан 2 827 киши коронавирустун курмандыгы болду. Стационарда 660, ал эми амбулатордук шартта 2 490 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Кечээтен бери 7 517 адам коронавируска каршы эмделген.
Телефонго жооп берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Оору көбөйүп, 118 кызматынын иши күчөтүлмөй болду
Жаңылыктар түрмөгү
0