Оору көбөйүп, 118 кызматынын иши күчөтүлмөй болду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТелефонго жооп берип жаткан адам. Архив
Телефонго жооп берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Линиядагы операторлордун иши саат 08:00дөн кечки саат 22:00гө чейин узартыла турганы айтылды.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы 118 кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын билдирди.
Ага ылайык, эми колл-борбордун операторлорунун иши саат 08:00дөн кечки саат 22:00гө чейин узартылмакчы.
"Зарылчылыкка жараша линияларды жана мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспортто санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик, дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтөрү кошумчаланды.
Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Бишкек мэриясы: ооруканаларда орун жетиштүү, вакцинаны 81 жерден алууга болот
Жаңылыктар түрмөгү
0