Парацетамол айрымдар үчүн кооптуу! Тумоолоп калган балдарга биринчи жардам

Дары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Бала сыркоолоп калганда мурду бүтүп, башы ооруп, тамак жебей, дене табы көтөрүлүп же чыйрыгып баштайт.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Республикалык штаб баланын курч респиратордук жугуштуу ооруларга чалдыгып калганынан кабар берген белгилерди тизмектеп, ата-энелерге пайдалуу кеңештерди берди.
Билдирмеге караганда, бала сыркоолоп калганда мурду бүтүп, башы ооруп, тамак жебей, дене табы көтөрүлүп же чыйрыгып баштайт.
"Бул учурда аны мектепке же бакчага жөнөтпөңүз. Тамак ич деп кыйнабаш керек. Анткени бул учурда анын организми бардык күчүн оору менен күрөшүүгө жумшап калат. Суюктукту (компот, чай, суу) көп бериш керек. Бирок суунун өлчөмүн педиатрдан тактап алган дурус. Дене табын текшерип туруу зарыл. Адатта 38 градуска чейин вируска антителолор иштелип чыгат. Кокус 38 градуска чейин эле өзүн начар сезе баштаса дене табын түшүрүү керек", — деп айтылат маалыматта.
Баланын дене табы 39-40 градус болуп кетсе, Тез жардам кызматын чакыруу зарыл. Ал келгенге чейин дозасын аймактык дарыгерден алдын ала билип алып, ибупрофен же парацетамол берүү зарыл. Боор ооруган шартта балдарга гана эмес чоңдорго да парацетамол ичүү кооптуу.
Дары-дармектерди көрсөтүп жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Өлүмгө кептейт! Медиктер антибиотикти өз алдынча колдонбош керектигин эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader