Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички бересеси көбөйдү. Сумма

© Sputnik / Табылды КадырбековСом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жазылуу
Министрлик узаган жылдын 11 айына карата маалымат берди.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстан тышкы карызынын 77,13 миллион долларынан (болжол менен 6,5 миллиард сом) кутулду. Бул туурасында Финансы министрлиги 2021-жылдын январь-ноябрь айларына карата берген маалыматында айтылат.
Ал эми ички карызы, тескерисинче, 2 миллиард 347 миллион сомго көбөйгөн. Алсак, жыл башында ички карыздын суммасы 62,1 миллиард сом болсо, ноябрда 64,5 миллиардга өскөн.
Тышкы карыздын көлөмү январда 4 миллиард 221 миллион долларды түзсө, 11 айдан кийин 4 миллиард 144 миллиард сомго чейин азайган. Муну азыркы курс менен улуттук валютага которгондо 352 миллиард сомдун тегерегинде болот.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Акылбек Жапаров: карызды төлөөнүн эң жогорку чегине жетип калдык
Акылбек Жапаров ишкерлер менен жолугушу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Бийлик кассалык аппарат боюнча шарттарды ишкерлер менен чогуу иштеп чыкмай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0