Эми эл аймактарды өнүктүрүү фондуна түшкөн каражатты көзөмөлдөй алат

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу тыйындар жана көз айнке. Архив
Столдогу тыйындар жана көз айнке. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жазылуу
Негизги максаты — тоо-кен ишканаларынан түшкөн акчаны бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандык көзөмөл орнотуу.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мындан ары кыргызстандыктар тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фондуларына түшүп жаткан каражаттар кайда жана канча өлчөмдө жумшалып жаткандыгын онлайн-режимде көрө алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Ал үчүн budget.okmot.kg порталына баш багуу керек.
"Президенттин "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу үчүн аймактарды өнүктүрүү фондуларына тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү тууралуу маалыматтарды "Ачык бюджет" (budget.okmot.kg) порталына жайгаштыруу боюнча иш жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Негизги максаты — тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандык көзөмөл орнотуу.
Аймактарды өнүктүрүү фондулары жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн ачылган.
Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Centerra менен тынчтык макулдашуусун талкуулоо аяктап барат. Жапаров Кумтөргө барды
Жаңылыктар түрмөгү
0