РФ менен АКШнын коопсуздук кепилдиги боюнча алгачкы сүйлөшүүсү. Жыйынтык

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүРФтин Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сергей Рябков жана АКШнын мамлекеттик катчынын орун басары Уэнди Шерман
РФтин Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сергей Рябков жана АКШнын мамлекеттик катчынын орун басары Уэнди Шерман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жазылуу
Сүйлөшүү сегиз саатка созулуп, анын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү брифинг өткөрдү.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Россия менен АКШнын коопсуздук кепилдиктери боюнча сүйлөшүүлөрү татаал, терең жана так болгонун РФтин Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сергей Рябков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Россия менен АКШ 9-10-январь күндөрү Женевада Россиянын сунушу боюнча коопсуздук кепилдиги жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан соң 12-январда бул сунуштар Брюсселде боло турган Россия — НАТО кеңешинин атайын чакырылган жыйынында, эртеси, 13-январда, ЕККУнун Венадагы аянтчасында талкууланмакчы.
Кечээки сүйлөшүүлөр сегиз саатка созулган. Россиянын атынан Рябков, АКШнын атынан мамлекеттик катчынын орун басары Уэнди Шерман сүйлөдү.
"Сүйлөшүү татаал, узак, профессионалдуу, терең, конкреттүү болду, курч маселелерди жымсалдап же кыйгап өтүшкөн жок", — деди Рябков брифингдин жүрүшүндө.
Ал белгилегендей, орус тарапка АКШ Россиянын сунуштарына олуттуу мамиле жасап, аларды терең изилдеп чыккандай таасир калтырды.
Рябковдун айтымында, НАТОну кеңейтпөө жана Россияга жакын жерде ракеталарды жайгаштырбоо темасы алдыга жылбаса, коопсуздук кепилдиктеринин башка аспектилери боюнча АКШ менен иштешүү күмөндүү болот. Дипломат биринчи маселе боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болбогонун белгиледи. Анын айтымында, эки өлкө сүйлөшүүлөрдө орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди калыбына келтирүүнү талкуулай албайт, бул коопсуздуктун башка маселелери менен байланыштуу.
ЖККУ өлкөлөрүнүн желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин онлайн-саммитиндеги урунттуу учурлар
Министрдин орун басары НАТО 1997-жылдан кийин альянска кирген мамлекеттердин "аймагын өздөштүрүүдөн" баш тартышы керектигин белгиледи. Ал НАТОну коопсуздук кепилдиги боюнча диалогду үзгүлтүккө учуратпоого чакырып, Россия бул маселеде катаал позицияны карманарын айтты.
Рябков Россиянын Украинага кол салууга ниети жок экенин, россиялык аскерлердин бардык маневрлары РФтин аймагында жүрүп жатканына токтолгон. Ошол эле маалда Россияга Украина менен Грузия НАТОго эч убакта мүчө болбойт деген темирдей кепилдик керектигин белгиледи.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уэнди Шерман Вашингтон эч кимге кайсы бир өлкө үчүн "НАТОнун эшигин жабууга" жол бербей турганын айткан. Анын билдиришинче, АКШ Европада ракеталарды жайгаштыруу маселесин талкуулоого даяр. Бирок аскер базаларынын саны тууралуу сүйлөшүүнү каалабайт.
Шерман бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча европалык өнөктөштөр менен консультациялар жүргүзүлө турганын кошумчалаган.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги былтыр декабрда коопсуздук кепилдиги жөнүндө АКШ менен келишимдин жана НАТО менен макулдашуунун долбоорун жарыялаган. Анда Европадагы коопсуздук боюнча өз ара жобо, орто жана алыс аралыкка атылуучу ракеталарды бири-бирине жете турган аралыкта жайгаштырбоо, НАТОнун күчтөрү орун алган аймактарды мындан ары кеңейтпөө (анын ичинде мурдагы союздук республикалар да киргизилген) боюнча айтылган.
Россиянын жана АКШнын президенттери Владимир Путин жана Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Байден алсыз, Путин күчтүү позициядан мамиле курууда. Экс-кеңешчинин пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0