Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстанга чыккынчылык кылды деген Масимов тууралуу эмне белгилүү

© AFP / ED JONESУлуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Масимов
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Масимов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Масимов Нурсултан Назарбаевдин ишеничтүү адамдарынын бири деп айтылып келет. Ал бир эмес эки ирет өкмөттү башкарып, президенттин администрациясын жетектеген.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 6-январь күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов кармалды. Ал мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелүүдө.
Төмөндө Масимов тууралуу кызыктуу фактылар менен тааныша аласыздар. Алардын көбү Sputnik Казакстандын Telegram-каналынан алынды.
Масимов 1965-жылы 15-июнда Целиноград шаарында (азыркы Нур-Султан) төрөлгөн.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Казакчадан сырткары орус, араб, англис жана кытай тилдерин билет.
1988-жылдан 1989-жылга чейин Пекин тил институтунда кытай тилин үйрөнүп, Ухань юридикалык жана Колумбия университеттеринде тажрыйба топтогон.
1992-жылдан 1995-жылга чейин Казакстандын Кытай жана Гонконг шаарларындагы коммерция тармактарында иштеген.
Ошондой эле бир катар банктарда эмгектенген.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин учурда кайда экенин маалымат катчысы айтты
Ал транспорт жана коммуникация министри болуп, президенттин жардамчысы, вице-премьер кызматтарын да аркалаган.
Эки жыл президенттин администрациясын жетектеп, бир нече убакыт мамлекеттик катчы да болгон. Ошондой эле эки ирет (2007-2012 жана 2014-2016-жылдары) өкмөттү башкарган.
2016-жылдын сентябрь айында Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы болуп дайындалып, үч жылдан кийин ага улуттук коопсуздуктун генерал-майору деген атайын наам берилген. Кийин генерал-лейтенант болуп көтөрүлгөн.
Спорттук бирикмелерде жетекчилик кызматтарды ээлеген. Алсак, Казакстандын тай боксу федерациясынын президенти, муай-тай боюнча дүйнөлүк ассоциациянын вице-президенти болгон.
2022-жылдын 5-январында ал Коопсуздук кеңештин жыйынына катышып, жыйын бүтөрү менен Алматыдагы башаламандыктын фонунда дароо кызматтан алынган. Анын ордуна Улуттук коопсуздук комитетине 55 жаштагы Ермек Сагимбаев дайындалган.
Казакстандын желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев 10-январды улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0