Кышкы тумоодон сактачу азыктарды өңүнө карап тандоого болот

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКарагат. Архив
Карагат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
Врач иммунитетти көтөрүү үчүн ар кандай өңдөгү жашылча-жемишти сунуштаган. Жашылчалардын өңү да курамындагы витаминдерге жараша болот.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Врач Алена Глушакова РИА Новостиге кайсы азыктар кыш мезгилинде иммунитетти көтөрөрүн айтып берген.
Адистин билдиргенине караганда, жашылча-жемиштин өңү-түсү курамында организм үчүн кандай пайдалуу заттар бар экендигинен кабар берет.
"Мисалы, кызыл өң антиоксиданттын ролун аткаруучу ликопиндин көптүгүн билдирет. Башкача айтканда, ал организмде оорунун сезгенүүсүн алдын алат. Ликопин дарбызда, помидордо, клюквада, кызыл грейпфрутта, кызылчада жана чамгырда бар", — деди Глушакова.
Кызыл сары түс А жана С витаминдерине таандык. Буга сабиз, апельсин, манго, кызгылт сары калемпир жана абрикос бай. Ал эми сары өңдүү помидор, болгар калемпири, лимон жана ананаста А жана В витаминдери көп.
Жашылчалардын ичинен жашыл түстүү брокколи, авокадо, алма, бадыраң жана кивинин курамында лютеин, темир, кальций, фолий кычкылы бар.
"Көк, сыя көк түстөгү жашылча-жемиште организмдин айлана-чөйрөнүн терс таасирине туруктуулугун жогорулатуучу, кан тамырларды бекемдечүү, эмоционалдык толкунданууну азайтып уйкуну, маанайды жана эс тутумду жакшырта турган полифенолдор менен биофлавоноиддер кездешет. Булар карагаттын, сыя көк капустанын, инжирдин жана кызыл пияздын курамынан табылат", — деди врач.
Ошентсе да адис иммунитетти витаминдерге бай, туура, тең салмактуу тамактануу эле эмес, жумуштун жана эс алуунун режими, дени сак жашоо образы да бекемдей турганын кошумчалады.
Кофе ичүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Кофени жакшы көргөндөрдүн ден соолугун эмне талкалаарын адис айтып берди
Колбаса. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Диетолог ичимдиктин артынан жегенге болбой турган зыяндуу азыктарды атады
Жаңылыктар түрмөгү
0