Көз көрүнөө алданасың. 2021-жылдагы эң мыкты 10 иллюзия. Видео

© AP Photo / Jens MeyerКиши оптикалык иллюзия экспонатын алдында турат. Архив
Киши оптикалык иллюзия экспонатын алдында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Жазылуу
Узаган жылдагы популярдуу иллюзиялардын ар бирине бир мүнөт берилген. Кыска убакытта көзүң менен мээң алданып калат, чанда адамдар гана реалдуулукту түшүнчүдөй.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Мыкты иллюзияларды аныктаган Best Illusion of the Year конкурсунун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу "Лайфхакер" жазды.

Биринчи орунда — көзгө көрүнбөгөн каныша

Шахмат тактасында кара фигуралар турганын көрүп жатабыз. Бирок күзгүдөн караганда ортодо ак каныша турганын да байкоого болот. Күзгүнү алып койсо жок болуп кетет. Анын сыры видеодо түшүндүрүлгөн.

Экинчи орунда — өзгөрүп турган бөлмө

Роликтин башталышында авторлор бөлмөнүн ичиндеги оокат-кечеге көңүл бургула дейт. Бир аз убакыттан кийин оокаттар көзүңүздө алмаша баштайт.

Үчүнчү орун — көздү эс алдырган шакектер

Төрт шакек эки-экиден болуп 360 жана 180 градуста айланат. Анткен менен авторлор экиден жуп шакек бирдей эле аралыкта айланарын, бул мээбиздин кабыл алуусуна байланыштуу экенин айткан.

Кроксы жана байпак

Алгач ак байпак менен кийилген жашыл жана күлгүн өңдөгү кроксылар көрсөтүлөт. Бирок жашыл өңдөгү пол менен сүрөткө түшкөндө күлгүн кроксылар боз, ал эми байпак ачык жашыл болуп көрүнөт. Бирок айрым адамдарга бул мындан да башкача болуп берилери айтылат.

Тунжураган шаар жана алп киши

Видеодон түн жамынган шаар менен алп кишинин башын көрүүгө болот. Аларды биз караңгыдагы ак чекиттер аркылуу элестетебиз. Бул дагы биздин мээбиздин кабыл алуусунан экен.

Көздү алдаган коробка

Ичи бош турган кызыл коробканы жакындатканда ал эки картондун бирикмеси экенин, ичине бир нерсе салууга мүмкүн эмес экенин көрөбүз.

Чоюлчаак кол

Күзгүнүн бир бетинде ыктыярчынын колу, экинчисинде чоюлчаак оюнчук (слайм) турат. Иллюзиянын автору оюнчукту ары-бери тарткылайт, мындай караган кишиге кыздын да колу чоюлуп жаткандай сезилет.

Көз көрүнөө өзгөрүлгөн предметтер

Күзгүнүн алдына эки предмет коюлуп, бирөө адаттагыдай эле көрүнөт. Экинчиси 90 градуска бурулуп, башка тарабынан болуп калат.

Башты айландырган куб

Формалар өтө көп тартылган, күрөң өңдөгү, жалпак жыгач такта адамдарга татаал объект болуп көрүнгөн.

Унаанын сестенткен жарыктары

Айрым учурда автоунаа жүрүп баратканда алдыңкы жарыктары бир башкача кыймылдап тургандай туюлат. Анын себебин видеодон түшүндүрүшкөн.
Здание на пересечении улиц Горького и Абая - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Бишкектиктерди таң калтырган имараттын чыныгы сүрөтү жарыяланды
Аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Төртүнчү кол кайдан чыгып турат? Интернетте оптикалык иллюзия талкууланып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0