Элге төбөсү көрүнгөндөр Жаңы жылды кайда кантип тосот

© Sputnik / Владимир ТрефиловЖаңы жылдык столдогу шампанский. Архивдик сүрөт
Жаңы жылдык столдогу шампанский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
Жаңы жыл да босогодон баш багып кирип келди. Ушу тапта майрамга карата жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар өтүп, жалпы журт аруу тилек менен алдыга умтулуп, жаңы жылдан жакшылыктарды күтүп турган кези.
Sputniк Кыргызстан агенттиги ар кыл тармакта топ жарган белгилүү инсандарга микрофон узатып, кирип келе жаткан Жолборс жылын кайда кантип тосоруна кызыгып көрдү.
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин төрагасы:
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов
Новогоднее поздравление и.о. президента Таланта Мамытова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов
— Жылына бул убакта кичи мекениме барып, жаңы жылды достор, классташтар менен тосчумун. Быйыл да барайын дегем, бирок шартка байланыштуу шаарда үй-бүлөм менен тоскону жатам. Эч кайда барбайм, Бишкекте эле болом.
Алтынбек Сулайманов, "Альянс" фракциясынын лидери:
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Альянс" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов
Депутат Жогорку Кенеша Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
"Альянс" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов
— Жаңы жылда Бишкекте болом. Үй-бүлөм менен тосом. Анан кышкы каникул күндөрү тоого чыгып эс алышым мүмкүн. Негизи жаңы жыл күнү туугандарды үйгө чакырып, эртеси тууганчылап, айылчылап, жакындарды кыдырабыз.
Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
— Жаңы жылды дайыма эле үйдө тосчубуз. Бир туугандарым да ар кимиси өз үйүндө майрамдашчу. Жакында эле кыздуу болгондуктан майрамды чогуу тосолу деп ушул жылы бир туугандарымды чакырып жатам. Кызымды да көрүшө элек эле. Буюрса 31-декабрда бирге болобуз, апамдар да айылдан келди.
Айсулуу Тыныбекова, дүйнөнүн эки жолку чемпиону:
© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова
Интервью серебряной медалистки ОИ в Токио Айсулуу Тыныбековой МИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова
— Жаңы жыл мен үчүн жөн гана майрам эмес, жыл жыйынтыгын чыгаруучу мезгил. Эски жылды узатып жатып, "эмнеге жетиштим, дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү алдырып жибердим" деп баарын анализдеп, келерки жылга жакшы максаттарды, пландарды коём.
Бирок бул датага атайын даярданып, бирөөлөр үчүн арнап белек албайм. Дегеле майрамга шылтоолоп бир нерсе сатып алган адам эмесмин. Бере турган белектеримди эч кандай майрамы жок эле мелдеш, машыгууларга чыккан убакта ылайыктап ала берем. Ата-энем алар үчүн менин ийгиликтерим башкы белек экенин айтышат. Жакындарымдын бул сөзү мага дайым күч-кубат берет.
Азамат Жаманкулов, маданият, маалымат жана туризм министри:
© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
— Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан келинчегим экөөбүз үйдө эле тособуз. Январь айынын башында он чакты күн кышкы каникул экен. Биз да ушул аралыкта Бишкектин чет жакасындагы тоо лыжа базасына барып же болбосо жөн гана тоого чыгып келебиз. Жыл жаңырып жатат. Мындай учурда ар бир адамдын тилеги, каалоосу болот. Мен да жаңы жылды жаркын үмүт, жакшы тилек менен тосуп алууга аракет жасайм. Майрамга карата ар бир үй-бүлөнүн каада-салты бар. Жубайым экөөбүз да бизге жаккан тамактарды жасап, дасторкон жайып, анан 12:00дү күтөбүз.
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
© Фото / пресс-служба партии "Ата-Мекен""Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев апасы Тилла менен
Мать Омурбека Текебаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев апасы Тилла менен
— Бизде айрымдар Жаңы жылды христиан динине жакындаштырышат. Негизинен бул астрономия менен байланышкан майрам. Ошол себептен 31-декабрды диний эмес, календарлык мааниде карашыбыз керек. Анткени 12 айда бир ирет жыл жаңырып турат эмеспи. Буга ылайык, адамдар, ишканалар, мамлекеттик түзүмдөр жылдын жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга өз ара пландарын түзүп, жакшы ниет менен жаңы максаттарды коёт. Ушул датада бүткүл дүйнө эли бирдей алдыга кадам таштай турганы белгилүү.
Ошондой эле ар бир маданияттын, цивилизациянын өз жаңы жылы бар. Бирок 31-декабрь — адам тагдырында чоң мааниге ээ. Жаңы жылды мен үй-бүлөлүк майрам катары жакындарым менен чогуу тосом. Быйыл да үй-бүлөмдүн кашында болом.
Ар бир адамдын эч кимге айтпаган, жан дүйнөсүндө купуя сактаган каалоо-тилеги бар. Жыл бою ага жеткенге аракет кылып, аягында максаттарын толуктап, алымча-кошумча киргизет. Муну менен турмуштун жаңы этабына кадам ташталат. Жылды жыйынтыктап жатып бардык адамдар "эмне иш кылдым, койгон максатыма жеттимби?" деп артка бир кылчайып баа берет. Анан, албетте, баары тең келерки жылда жакшы жетишкендиктерди багынтууга кайрадан бел байлайт.
Чыңгыз Айдарбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков
Заседание Совета министров иностранных дел стран — участниц ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков
— Жаңы жылды үй-бүлөм менен үйдөн эле тосом. Мен үчүн бул үй-бүлөлүк майрам. Бул күн бизге совет доорунан калган мурас десек болот. Айрыкча жаш балдар 31-декабрды дегдеп, күн санап күтүшөт эмеспи. Биз деле жаңы жылды жаркын маанай, изги тилек менен, алдыга карай жакшы үмүт менен күтөбүз.
Жалпы кыргызстандыктарды да майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Өлкөбүздүн дарамети чоң жана өтө уникалдуу. Өнүгүш үчүн көбүрөөк креативдүү ой жүгүрткөн, шыктуу, дасыккан профессионалдарды колдошубуз керек. Ар бир тармакта өз ишин билген, кесипкөй адистер иштөөгө тийиш. Элибиз ушундай адистерге суусап турат. Мекендештерге кааларым — туруктуулук, ынтымак, молчулук жана ден соолук.
Гүлнур Сатылганова, КР эл артисти:
© Sputnik / Табылды КадырбековКР эл артисти Гүлнур Сатылганова
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
КР эл артисти Гүлнур Сатылганова
— Быйыл мурдагы жылга салыштырмалуу жаңы жылдык шаң жакшыраак деп айтсам болот. Себеби элдин маанайы да сонун. Анан майрамдык кечелер абдан көп өткөрүлүп жатат.
2020-жылы Чычкан жылында дүйнө эли абдан оор күндөрдү өткөрдү. Ошондон уламбы, мага адамдардын жашоого болгон көз карашы өзгөргөндөй сезилип жатат. Келе жаткан Жолборс жылынан баары жакшы нерселерди үмүттөнүп жатканы көрүнүп турат. Андыктан жакшылыктар эле болсун! Мыкты иштеген адам мыкты эс алганды да билиши керек. Мага да быйылкы жаңы жыл абдан жагууда.
Негизи эл эс алып жатканда ырчылар кызматта болуп, өнөрүбүздү тартуулайбыз. Былтыр дагы 31-декабрда Чолпон-Ата шаарында өткөн концерттерге катышып, жаңы жылды ошол жактан тоском. Быйыл Каракол шаарынын мэриясы шаар тургундарына сонун оюн-зоок кечелерди уюштуруп жатыптыр. Майрамда Караколдо болом. Келин алып, башыбызга баш кошулуп жаткандыктан үйдө эле келин-уулум менен тосоюн деп ойлогом, бирок эл күтөт. Эл менен болгум келди.
Узап бара жаткан 2021-жыл деле мен үчүн жаман жыл болгон жок. Башыбызга баш кошулуп, уулум үйлөндү. Эми 2022-жылы буюрса неберелүү болуп, чоң эне аталуу үмүтүм бар. Мындан тышкары, жаңы ырларды жаздырам.
Босогодо турган Жолборс жылында эр жүрөк, баатыр мүнөз, патриот мырзалар көбөйсүн. Ал эми айымдар акылдуу, мээримдүү болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошкон уул-кыздарды тарбияласын. Жаңы жылыңыздар менен!
Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо министри:
© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
— Жаңы жыл күнү жумушта болом. 31-декабрда 12:00гө жарым саат калганда гана үйгө барам. Себеби жумуш көп, күчөтүлгөн режимде иштейбиз. Ал эми 1-январдан тогузуна чейинки кышкы каникул маалында бир күн да эс алууга чыкпай кызматтамын. Негизи дем алыш күндөрү да иштейм.
Назира Мамбетова, КР эл артисти:
© Sputnik / Жоомарт УраимовКР эл артисти Назира Мамбетова
Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
КР эл артисти Назира Мамбетова
— Өтүп бараткан жылга мен абдан ыраазымын. Жакшылыктар көп болду. Коронавирус гана кичине элдин тынчын алганы болбосо, баары жакшы. Айлыктарыбыз да көбөйдү.
Эми 2022-жылы жакшылыктар мол болсун, бай бололу, эң башкысы — ден соолук! Кайгы-капа аз болсун. Ал үчүн бири-бирибизге жакшылык кылып, кайрымдуу болсок эле баары сонун болот. Жалпы кыргызстандыктарга айтарым, ар бир үйдүн түндүгүнөн кут түшүп, босогосунан ырыскы кирип турсун. Мен да башкалардай эле жаңы жылды үйдө, жакындарымдын кашында тосом.
Гүлжигит Аалиев, Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын жетекчиси:
© Sputnik / Расул УсеналиевРеспубликалык инфекциялык клиникалык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев
Глав врач инфекционной больницы Гулжигит Аалиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев
— 2021-жылы саламаттык сактоо тармагында көп жакшылыктар болду деп айтсам болот. Себеби коронавирусту алдын алуу, аны дарылоо боюнча бир топ ийгиликтерге жетиштик. Келе жаткан жыл жакшылыктарга мол болушун каалайм. Экономикабыз өсүп, элибиздин жашоо-турмушу жакшырсын. Ошолордун ичинен көзгө көрүнбөгөн жоо менен эки жылдан бери алышып келе жаткан медицина кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, вирус тезирээк жоголушун тилейм.
Негизи мен Жаңы жылда көбүнчө жумушта болуп калам, болбосо үйдө, үй-бүлөм, балдар, неберелер менен тосуп жүрөм. Өзүм эки жакка барганды көп жактырбайм.
Жаңы жыл десе кичинекей кездеги кызык окуялар эске түшөт. Биз да башка балдардай эле Аяз атаны күтчүбүз. Бир жолу күтүп отуруп уктап калыптырбыз. Эртең менен турсак ата-энебиз "мына, силер уктап калдыңар эле, Аяз ата келип кошуналарга белек берип кетти" дешти. Ккийинки жылы такыр уктабай күттүк (күлүп). Анан ата-энебиз уюштурган окшойт, чын эле Аяз ата келип, баарыбызга белек бергени эсимден кетпейт. Ага биз чындап ишенгенбиз. Чын-чынына келгенде балдардын Аяз атага, жомокко ишенгени жакшы. Адам алдыга максат коюп, ага аракет кылуу менен анын сөзсүз кабыл болоруна, деги эле бир нерсеге ишенгени туура деп ойлойм.
Каныкей, эстрада ырчысы:
© Фото / продакшн студия "СинемАрт"Эстрада ырчысы Каныкей
Показ моды Весна-лето — 2018 Замиры Молдошевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Эстрада ырчысы Каныкей
— Мен Жаңы жылды аябай күтүп, укмуштуудай даярданып тоскон адамдардан эмесмин. Бирок быйыл балам Аяз атага кат жазып, белек сураптыр. Аны камдап койдук. Ушул жылы атайын 12:00дө балдарыбыз менен бирге жаңы жыл тосуп, белектерин Аяз атанын атынан тапшыралы деп турабыз. Жакындарыма да белек алдым. Буга чейин кичинекейлер уктоочу убакыт болгондугун эскертип, балдарды кечки саат 10:00дө эле уктатып койчумун. Азыр чоңоюп калышты. Кереметтерге ишенүүчү учур келди деген ойдомун. Анан эртеси күнү, 1-январда, шаар сыртына чыгып кетебиз.
Негизи адам жашоосун ар күнү майрамдай өткөрүүгө аракет кылышы керек. Ошол себептен жакшы маанайды эч кандай майрамга байлабайм.
Элибизге кааларым, эч качан чөкпөсүн. Адамда ден соолук, кудай берген өмүр болсо эле финансылык маселени чечсе болот. Жаңы жылга кирип жатып дилибизди тазартып, жакшы ниеттер менен кадам таштайлы. Алдыга койгон максатка талбай аракет кыла берсек акырындан ишке аша берет.
Празднование нового года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2017
Тепки жеген балаты, сабиз салат, кашайткан дискотека. Кызыгы көп мектептеги жаңы жылым
Жаңылыктар түрмөгү
0