Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманов: БШКны тепкилей берген болбойт

© Sputnik / Асель СыдыковаЖогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин VII чакырылышына болгон шайлоо кошуна мамлекеттерге же мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу таза өттү деген пикирин билдирди.
Бул шайлоодо ким канча добушка татыктуу экенин эл аныктап берди. Көп добуш алам деп көкүрөк кагып жүргөндөр аз, унчукпай жүргөндөр көп добуш алган учурлар болду. Демек, бул — элдин тандоосу. Бу жолку шайлоону ушунусу менен салыштырмалуу таза өттү деп баалоо мүмкүн. Мындай пикирин Алтынбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.
Сулайманов: БШКны тепкилей берген болбойт
Анын айтымында, БШКнын техникалык базасы эскирген жана бул да шайлоого таасирин тийгизди.
"Жогорку Кеңештин VII чакырылышына болуп өткөн шайлоону салыштырмалуу деңгээлде таза өттү деп айта алам. Эгер кошуна мамлекеттерди карап көрсөк же буга чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, партия ичиндеги бугуп жаткан мандат талаш анчейин байкалган жок. Системанын өзгөрүшү менен элге ачык тандоо укугу берилди. Анын негизинде шайлоочулар өздөрү жактырган адамга добушун бере алышты. Элге таанымал, бирок мурда депутат болбогон талапкерлердин деле көп добуштарга ээ болгонун көрдүк. Демек, бул жерде эл өз тандоосун канчалык бир деңгээлде таза, ачык жүргүзө алды. Ал эми мүчүлүштүктөр да болбой койгон жок. Бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясын тепкилей берген деле болбойт. Алар эски техникасы менен ушундай кампанияны өткөрүп, чоң жумуш жасай алышты", — деди Сулайманов.
Депутат азыркы шайлоо системасы талапкерлердин салмагын ачык көрсөткөнүн да кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0