Экс-депутат Баатырбеков "Кумтөр иши" боюнча күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМурдагы биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков
Мурдагы биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Баатырбеков 2021-жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер боюнча кармалып, тергөө абагына камалган.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Жазык кодексинин 2-бөлүмүнүн 319-беренеси ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Райсот саясатчыга 280 миң сом айып салган. Мындай чечим 24-декабрда чыккан. Каражат мамлекеттин эсебине которулат.
Эске салсак, Баатырбеков Бороновдун өкмөтү иштеп турганда биринчи вице-премьер болчу. 2021-жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жапаров бюджетке коррупция менен күрөштө канча акча түшкөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0