Аяз атадан тарта ракетадан коргонууга чейин… Путиндин маалымат жыйынына сереп

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путиндин ири маалымат жыйыны учурунда
РФ президенти Владимир Путиндин ири маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Россиялык лидер жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында оголе көп суроого жооп берди. Ага дүйнөлүк саясат тууралуу олуттуу да, ошондой эле Аяз атаны сотко берүү өңдүү жөнөкөй соболдор да узатылды.
Шпигельное название

Эгин экспорту

Путиндин айтымында, аба шарттарынан улам быйыл Россияда дан эгиндери былтыркыга караганда аз жыйналды.
"133,5 (миллион тонна — ред.) пландалган эле, 123 болуп калды. Бирок бул өзүбүздү гана камсыздоого мүмкүндүк бербестен, экспорттук потенциалды да сактайт", — деди Путин.
Эске салсак, Кыргызстан дан эгиндерин импортунан көз каранды. 10 ай аралыгында республика сырттан 158,5 миң тонна, анын ичинен 69 миң тоннага жакынын Россиядан сатып алды.

Эмдөө жөнүндө

Путиндин пикиринде, Россияда коронавируска жамааттык иммунитет 80 пайызды түзүшү зарыл. Мындай көрсөткүчкө ал келерки жылдын биринчи чейрегинде жетүү керектигин белгиледи.
© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүЕжегодная пресс-конференция президента России Владимира Путина
Ежегодная пресс-конференция президента России Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021

Украина тууралуу

Украина, Донбасс жана Крым жаатында РФ лидери бир нече билдирүү жасады. Атап айтканда, ал үчүнчү аскердик операция даярдалып, Россияга буга кийлигишпөөнү эскертип жатышабы деп шектенерин жашырбады. Бул биринчи вариант.
"Экинчи вариант — бул аймакта курал-жарак менен тынымсыз камсыздоо жана калктын пикирин буруу амалы менен кандайдыр бир "анти-Россия" курууну самап жатышкандай. Элестетиңиздер, анда Россия кандай тарыхый нукта жашоого тийиш? Бул жакта эмне болуп жатат, кандай жаңы курал тутуму менен жабдылды деп улам кылчайып отурабы? Кийин ошол системаларга жамынып Донбасс маселесин куралдуу жол менен чечүүгө да, Крымга да радикалдарды багытташат", — деп боолголоду Путин.
Россия — Донбасс кырдаалында ортомчу экенин, бирок аны жаңжалдын бир тарабына айлантууга ашыгып жатышканын баамдайт. Ошондой эле Путин Донбасстын келечегин аймактын жашоочулары аныктоого тийиш экенин, башкача болушу дегеле мүмкүн эместигин белгиледи.

НАТО жана ракеталар тууралуу

Путиндин айтымында, Россия НАТОнун чыгышка карай жылышына жол бербестигин ачык билдирди. "АКШ биздин астанабызда ракеталары менен турат. Сокку уруучу тутумдарыңарды үйүбүздүн алдынан алып койгула дегенибиз ашыкча талаппы? Эгер биз Канада же Мексика менен чек арасына ракеталарыбызды тизип алсак, алар кандай карашмак эле? Калифорния мурда кимге таандык болчу? Техасчы?" — деп суроо салды Путин.
Убадаларына карабастан 1990-жылдары НАТОну кеңейтүүнүн беш толкуну жүргөн. Батыш он жылдап созуп жүрбөй, тезинен кепилдик берүүгө тийиш экенин кошумчалады ал.
© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЕжегодная пресс-конференция президента России Владимира Путина
Ежегодная пресс-конференция президента России Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021

Кытай менен кызматташтык жөнүндө

Путиндин айтымында, Россия менен Кытай жогорку технологиялык куралдарды биргеликте иштеп чыгууда, космос, авиация тармагында кызматташып, чогуу машыгууларды өткөрүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы соода айлантуусу 100 миллиард доллардан ашарын маалымдады РФ президенти.

ЖККУ жана ЕАЭБ жыйындары тууралуу

Санкт-Петербургда келерки аптада ЖККУ жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары салтка айлангандай бейрасмий жолугушат. Ага Казакстандын тун президенти жана андан кийинкиси да чакырылганын кошумчалады.

Гендер жөнүндө

Путин Батыштагы гендердик "караңгылык" боюнча да оюн ачыктады.
"Эгер кимдир бирөө аял жана эркек — бул бир деп эсептесе эсептей берсин, бирок кудайды карайлычы, акылга сыябы? Мен аял – бул аял, эркек – бул эркек деген салттуу көз карашты карманам.
Эне — бул эне! Ата – бул ата! Мындай караңгылыктан ички коргонуу баарында бар экенин белгилегим келет. Ал эми тигил жакта ким эмне каалаганын жасай берсин", — деди Путин.

"Талибан"* тууралуу

Россия лидери чөлкөмдө абал туруктуу болушун каалайт. Борбор Азияга экстремисттердин өтүп кетүү ыктымалдыгы коркунуч туудурат. Ошондой эле дүйнөдөгү апийимдин 90 пайызы афган жергесинен экени да бушайманга салат.
"Аларды (Афганистандын жаңы бийлигин – ред.) таануу учурдун чындыгына, Афганистандын башына келген күчтөр тарабынан өлкө жетекчилигине бардык этникалык топтордун келишине, республикадагы абалдын турукташына үмүт жандырган шарттардын жаралышына жараша", — деди Путин.
РФ президентинин айтымында, афган калкына эң оболу "20 жыл жайгашкан" жана бүлгүнгө салган өлкөлөр көмөктөшүүгө тийиш. Биринчи кезекте гуманитардык жардам берүү үчүн америкалык банктагы Афганистандын эсептерин ачуу абзел. Антпесе "эл ачарчылыкка кабылып, өлкө оор кырдаалга тушугушу ыктымал", мунун кесепети чектешкен мамлекеттерге да тийиши мүмкүн.

Аяз атаны жактап...

Россия мамлекетинин лидери жаңы жылдык майрамдардын каарманын сотко бермекчи болгон юристтин доосу боюнча да пикирин билдирди.
Путин бул иште жактоочулук милдетти аткара аларын айтып, доогерге Аяз ата тилектерди орундатып, жакшы гана кыз-балдарга белек берерин эскертти.
"Ал (доогер – ред.) бул кылыгын талдап көрсүн, балким, Аяз атанын ага белек тартуулоосуна эмне жолтоо болуп жатканын түшүнөр. Бул коргонуунун негизги багыты болмокчу. Ал эми хайп боюнча айтаарым, башкысы мында кара өзгөйлүк катылбаса болду", — деди Путин.
Россия президентинин маалымат жыйыны дээрлик төрт саатка уланып, 55 суроого жооп берди. Ага жалпы 507 киши катталган.
* Уюм террорчул ишмердиги үчүн БУУнун санкциясында.
Жаңылыктар түрмөгү
0